-

Жалал-Абад – Бишкек
аба каттамы эми күн сайын ишке ашырылат.
-
Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын кесип өткөн жер астындагы тоннель табылды.
-
Өлкөдө автоунаалардын алдыңкы эшигинин айнектерин караңгылатуу тартиби бекитилди, жарандар үчүн 1 жылдык төлөмү 80 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом.
-
2022-жылдын июнь айынан тарта Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданары айтылды.
-
Башкы прокуратура: Сүлүктү ШИИБинин кызматкерлери 3,1 миллион сомду кымырып алышканы аныкталды.
-
Парламент Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды.
-
23-майга карата өлкөдө “Айыл чарбасын каржылоо 10” долбоору аркылуу дыйкандарга 3 миллиард 396 миллион сом суммасында насыя берилди.
-
Баткен облусунун жашоочуларына электр энергиясынын акысын төлөөдө жеңилдик берилет, демилге коомдук талкууга илинди.
-
20-майда Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Маңкурт” спектаклин коюуга тыюу салынды, себеби айтылган жок.
-
Бишкекте автоунаа уурдап качууга шектелип 27 жаштагы жаран кармалып, камакка алынды.
-
24-майда Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
-
Кыргыздын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Түркиянын Измир шаарында “Эфес-2022” машыгуусуна катышууда.
-
Билим берүү министрлиги: Мындан ары ар бир аптанын башында жана аягында мектептерде милдеттүү түрдө Кыргыз өлкөсүнүн гимни ырдалат.
-
ИИМ: Чүйдө абактагыларга баңгизат ташып жүргөн канал аныкталып, 4 адам кармалды.
-
Чүйдүн Пригородное айыл өкмөтүнүн адиси дипломун текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 160 миң сом пара берип жатып кармалды.
-
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөгү иш сапарынан Бишкекке кайтып келди.
-
Парламентте аскер комиссариатында иштегендердин айлыктарын көтөрүү сунушу айтылды.
-
Транспорт жана коммуникация министрлиги: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды.