АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН БААСЫ АРЗАНДАШЫ КҮМӨН

№1016 27-май-2-июнь, 2022-ж.

Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөсө да, “доллар кымбаттаганы үчүн” деп көтөрүлгөн азык-түлүктүн баалары түшкөн жок. Мындан ары да түшүшү күмөн.

25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы Кеңешбек Тайлаков "азык-түлүктүн баасы доллардын курсуна гана байланыштуу эмес" деп билдирди.

– Коңшу мамлекеттерге караганда бизде кумшекердин баасы арзан. Өсүмдүк майын импорттоодо кошумча нарк салыгын алып салгандан кийин майдын баасы 12 пайызга арзандады. Буудайга Орусияда дүң баа кымбаттады. Доллардын курсу – бул бир гана фактор, андан тышкары экспорттук баанын өсүшү, логистика, өлкөлөрдүн соода-сатыкка чектөөлөрдү киргизиши жана башка маселелер бар. Көптөгөн өлкөлөр чектөө киргизишти, биз азык-түлүктү көп өлчөмдө алып келе албайбыз,- дейт Тайлаков.

Чиновник бензиндин баасы боюнча да маалымат берди. Айтымында, Орусия күйүүчү майды экспорттоодо бааны арзандатпай жатат. Учурда Кыргызстанда бензин баасы туруктуу кармалып турганын, арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрө турганын айтты аталган кызматтын жетекчиси.

Айта кетсек, доллар кымбаттаганда азык-түлүктүн баасы дароо кымбаттап, доллардын курсу мурдагы калыбына келгенде азык-түлүктүн баасы арзандабай жатышы коомчулукта нааразычылык жаратып келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо