ОКУУЧУГА КОЛ КӨТӨРҮҮ: СУЗАКТА МУГАЛИМДИН АГРЕССИЯСЫ ТАЛКУУГА ТҮШТҮ

№1016 27-май-2-июнь, 2022-ж.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мектеп мугалими сабак учурунда окуучусуна кол көтөрдү. Окуя тартылган видео 25-майда интернет желесине тарап, талкууланып жатат. Видеодон окуучу кызды мугалим башка-көзгө чапкылап жатканын көрүүгө болот.

– Социалдык желеде жаңжалдын үзүндүсү – мугалим окуучуну уруп жаткан жери жарыяланып жатат. Толук версиясы милицияда бар, ал жерде окуучу мугалим менен кайым айтышып, аны шылдыңдап жатканын көрүүгө болот,- деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирүү жасап, бул окуяга тарбиянын тайкылыгы себеп болду деди.

– Албетте, мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек эле. Бирок коомдо мугалимди ушундай абалга жеткирген да жагдайлар болуп калуусу мүмкүн экенин унутпоо керек. Мынчалык деңгээлдеги окуяга тарбиянын тайкылыгы себепкер болду деген пикирдемин. Тарбия билим берүү мекемесинен эмес, үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталып, бала бакча, мектеп жана университеттен калыптанат. Эгер баланын үй-бүлөсүндө жакшы тарбия берилген болсо, бул окуя болмок эмес. Мугалим дагы ачууга алдырбай сабырдуулук кылып, окуучунун ата-энеси, мектеп администрациясы менен кеңешип, көйгөйдү тынч чечип койсо болмок?- деди министр.

Чуулгандуу окуя 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Депутаттар бул жаңжалды калыс иликтөө керектигин белгилешти.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова "мугалим жоопкерчиликке тартылышы керек" деп билдирүү жасады. Терс көрүнүштөрдүн алдын албаганы үчүн мектеп директору да жооп бериш керек дейт Абдрахматова.

Окуяны атайын комиссия иликтеп жатат. Анын жыйынтыгына жараша чаралар көрүлөрүн билдирди Билим берүү жана илим министрлиги.

Айта кетсек, окуя 23-майда аталган райондун Сафаровка айылындагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгон. Окуучу кыз 7-класста окуйт. Ал эми кол көтөргөн мугалим информатикадан сабак берет. 26-майда аталган мугалим ден соолугу начарлап ооруканага жаткырылганын мектеп директору Даткайым Нуралиева маалымдады.

Окуучуну сабаган жорукту актоого болбойт. Ошол эле учурда мугалимдин да укугу эске алынганы туура. Бардык эле мектепте мугалимдер бейтартип окуучулардын чагымчыл аракеттеринин курмандыгы болбошу керек деген пикирлер айтылып жатат. Териштирүү калыс жүрөт деп күтө туралы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо