-

Быйылкы туристтик мезгилде коопсуздукту камсыздоого 4
миңден ашык милиция кызматкерин тартуу пландалууда.
-
Парламент депутаттары бала асырап алуунун шарттарын жеңилдетүүнү сунушташты.
-
2022-жылдын 1-июлунан тарта өлкөдө энергетикалык суусундуктар үчүн акциз салыгы төлөнө баштайт.
-
Чүйдө милиция кызматкерин сабоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун 21 жаштагы мүчөсү изделүүдө.
-
Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганы үчүн Жедигер Саалаев Конституциялык соттун судьясы кызматынан бошотулду.
-
31-майда Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси пара берип жатканда кармалганы кабарланды.
-
Кыргызстанда жыл сайын 6 миңдей жаран тамеки чегүүгө байланыштуу оорулардан каза табары маалымдалды.
-
1-июнда ИИМдин Криминалдык кызматынын түзүлгөнүнө 98 жыл толду.
-
Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды.
-
Омар Султанов Кыргыздын атынан Женева шаарындагы БУУнун туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
-
Эл аралык “Манас” аэропортунан өлкөдө 2017-жылдан бери мыйзамсыз жүргөн жеңил моторлуу учак табылды.
-
2-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 708 миллион метр кубду түздү.
-
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө курула турган президенттик мектепти быйыл 15-сентябрга чейин бүтүрүүгө тапшырма берди.
-
Сузак районунда өз аялын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын 2-июнда Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.
-
Токмоктогу Бурана мунарасынан 25 жаштагы кыз кулап каза болгону маалымдалды.
-
2022-жылдын 4 айында "Кумтөр" мамлекеттик казынага 11 миллиард сомдон ашык каражат которгону айтылды.
-
Парламент депутаттары Бишкектин борбордук мечитинин ордуна мектеп курууну сунуштап чыгышты.
-
Ош шаарында жолбун иттерди жок кылуу боюнча рейд башталат.
-
Дүйнөдө маймыл чечеги оорусу катталган өлкөлөрдүн саны 30га жетти.