БИШКЕКТЕ ИШКЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

№1017 3-9-июнь, 2022-ж.

30-майда Бишкекте кичи базнестин ондогон өкүлдөрү кассалык-көзөмөл машинасын (ККМ) орнотууга каршылык билдирип митингге чыгышты. Алар мурдагыдай эле патент менен иштөөнү бийликтен суранышты.

– Салык кызматкерлери келип, товарыбызды саттырбай алып салып жатышат. Биз дүкөндү ижарага алып иштетебиз. Патент төлөйбүз, күзөтчүгө, электр жарыгына да төлөйбүз. Ага кошулуп мөөнөтү өтүп кеткен товарлар болот, ошонун баары эле чыгаша да. Эсеп фактурасы менен келген товар кымбат болот экен. Биз анын үстүнө өзүбүз үстөк пайыз кошобуз. Муну менен элди эле кыйнап жатабыз,- дешти сатуучулар.

2-июнда парламентте депутат Балбак Түлөбаев салык кызматкерлери ККМ пайдаланбаган ишкерлердин лицензиясын тартып алып жатканын айтып чыкты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева ККМ колдонууга каршы ишкерлердин көйгөйүн чечүүнүн бир жолу – аларды арзан насыялар менен камсыздоо экенин билдирди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо