АКВАПАРКТАГЫ КЫРСЫК: МЕКТЕПТЕГИ 1 ЖЕТЕКЧИ ЖАНА 6 МУГАЛИМ ИШТЕН АЛЫНДЫ

№1018 10-16-июнь, 2022-ж.

6-июнь күнү Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду. Бул окуядан кийин №95 мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы жана 6 мугалими иштен алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Каргашалуу окуядан кийин шаардык мэрия комиссия түзгөн. Ага райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, акимчиликтин жана профсоюз комитетинин кызматкерлери кирген. Комиссиянын чечими менен окуучуларды аквапаркка алып барууну уюштурган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы жана 6 мугалим Эмгек кодексине ылайык иштен алынды. Мектеп директоруна коопсуздук чараларын, балдардын укугу менен саламаттыгын көзөмөлдөбөгөнү үчүн чара көрүү сунушталды.

Комиссия аныктагандай, мугалимдер окуучуларды аквапаркка алып барууну уюштурганын мектеп администрациясына жана балдар менен иштөө инспекциясына айтышкан эмес. Мындан улам окуя болгон жерде балдар менен иштөө инспекциясы болгон эмес. Аквапаркка жалпысынан 232 окуучу, 9 мугалим жана 9 ата-эне барган.

Аталган аквапарк убактылуу жабылды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо