№424 17-23-декабрь, 2010-жыл.
Окурмандын ою
– 7-апрель окуялары боюнча сот процессинин 20-декабрдан тартып улантылары айтылууда. Спорт Ордосунан башталган кылым соту (минтип атасак шоуго айланып кетпедиби), менин баамымда, бир жактуу каралоо, күнөөсүз адамдарды аңга тыгуу, ак кызматын өтөп келген аскер кызматкерлерин айыпкер кылуу аракеттери менен коштолууда. Буга баары күбө. Бирок эмнегедир окуяга түздөн-түз тиешелүү адамдарды бүгүн соттон көрөөалбай отурабыз. Кандуу апрелден кийин эң негизги күнөөлүү деген 6 адам качкын болуп кетсе, сот жообуна тартылып, бирок башталар алдында 3 саясий фигура көз жазгырып, өлкөдөн чыгып кетти.
Ошол кезде Бекназаров кеп салып: «Апрель окуясына күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек. Аянтта элге ок аттыргандар бүгүнкү күндө Кыргызстанда. Алар өз жазасын тартышы керек. «Альфанын» тагдырын сот чечет. Күнөөсү болсо, жазага кириптер болот, ак экендиги такталса, акталып чыгат»,- деп билдирген эле. Бүгүнчү? Анын баары тескерисинче ишке ашып жатат. Тагыраак айтканда, бүгүнкүүкүндөөчет мамлекеттерде жүргөн күнөөлүүлөргө сырттан айып тагууга абдан кызыкдар болгон фигуралар бар. Бул демилгенин башында Азимбек Бекназаров турганы сокурга деле белгилүү. Эгер Бекназаровдун эңсегени ишке ашса, соттон качкандарга сырттан айып угузулуп, алар эркиндикте доорон сүрө беришет. Себеби алар баш калкалап турган мамлекет Кыргызстанга апрель күнөөлүүлөрүн кайтарып бербейт.
Бул ортодо Бекназаров алар менен кадимкидей соода жүргүзүп, чечимди сырттан чыгартып коюуга болгон күчүн жумшайт. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Кечээ бирди, бүгүн башканы айтып, сөзүүменен кылган иши дал келбей жаткан адамдын былыгын бир Кудай билбесе, эл анын анык жүзүн кийин билип алар. Мындай иренжиткен жүзү менен качып кеткендердин «жашыл» акчаларын, андан соң көңүлүн алып, «силер кабатырланбагыла, бул жакта мен турам» дебейт деп ким кепилдик бере алат?
Аманкул Азимов,
Ооган согушунун ардагери
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
жакшы корот