-

Билим берүү жана илим министрлиги: 2022-2023-окуу жылы
кадимкидей 1-сентябрда башталат.
-
Оңдоп-түзөө иштеринен улам Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20-июндан 20-июлга чейин жаратылыш газын берүү токтотулат.
-
Кара-Суу райондук соту “Женго” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадырбек Досоновду актады.
-
Жылдыз Бакашова Мамлекеттик тарых музейинин жетекчиси болуп дайындалды.
-
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги: Ошто 5 айда миңден ашык жумушсуз жаран жумушка орношту.
-
Аравандын Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси 300 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылды.
-
Ошто Өзбекстан менен Кыргызстанды жер алдынан байланыштырып турган үчүнчү тоннель табылды.
-
14-июнда Бишкекте 1 жаранды кулаган дарак басып калып, жабырлануучунун буту сынып ооруканага жеткирилди.
-
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева 13-июнда ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча өкүлү Афшан Хан менен жолугушту.
-
Жаан-чачындан улам 14-июнда Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилгени маалымдалды.
-
УКМК: Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө УКМКнын тиешеси жок.
-
Мамлекеттик салык кызматы: 5 айдын ичинде салыгын төлөгөн жарандар туум жана санкциялардан бошотулду.
-
Ош шаарынын “Тазалык” ишканасынын дебитордук карызы 11 миллион сомду түзгөнү маалымдалды.
-
Красноярск–Бишкек–Красноярск багытында туруктуу аба каттамы ачылды.
-
Бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттары 27-июндан 4-июлга чейин тапшырылары айтылды.
-
Элчи Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.
-
Ализа Солтонбекова Протездик-ортопеддик буюмдар республикалык мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды.
-
16-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 301 миллион метр кубду түздү.
-
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эки кылмыш иши боюнча актады.