ӨЛКӨДӨ ККМ АППАРАТТАРЫН ОРНОТУУ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ

№1019 17-23-июнь, 2022-ж.

Бишкекте бир нече митингдер өткөндөн кийин Министрлер кабинети кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотууну убактылуу токтотту. Бул чечим тууралуу 13-июнда Бишкекте митингчилер менен жолугушууга чыккан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

– ККМдерди орнотууну убактылуу токтоттук. Айып пулдарды да токтото турабыз. Патент менен иштөөгө макулбуз деп жатасыңар. 10 күн ичинде жагдайды изилдеп, чечим кабыл алабыз,- деди Жапаров.

Митингге чыккан соодагерлер 2 талап коюп жатышат: ККМ жана эсеп-фактура системинен баш тартуу. Акылбек Жапаров эсеп-фактурасы майда соодагерлерге тиешеси жок экенин айтат.

– Эсеп-фактураны силерден эмес, ири бизнестин ээлеринен, заводдордон талап кылабыз. Мисалы, "Кока-Кола", "Шоро" жана башкалардан. Алар товар уурдалган эмес, салыктары төлөнгөн деп көрсөтүп берүүгө милдеттүү. Айрым заводдор бир вагон товарын түнү менен таратып жиберип, эртеси “эч нерсе саткан жокмун” деп мамлекетке акча төлөөдөн кутулуп кетишүүдө. Ушуну токтотолу деп жатабыз. Бул иште силер да бизге жардам беришиңер керек,- деди чиновник.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо