МАЙМЫЛ ЧЕЧЕГИНЕ ДАЯРДЫК КӨРҮЛҮҮДӨ

№1019 17-23-июнь, 2022-ж.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маймыл чечегине каршы иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыкты. 14-июнда Бишкекте маалымат жыйынында Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева бул жаңы оору эместигин белгиледи.

– Буга чейин негизинен Африка өлкөлөрүндө катталып келсе, акыркы мезгилде Европада катталды. Бул оору тыгыз байланышта болгондо гана жугат. Биз даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз, ошентсе да бизде катталбайт деген үмүт бар. Бирок инфекция чек ара дегенди билбейт, оорулуу адам оорунун белгилери билине элек мезгилде кирип кетиши мүмкүн,- деди Оторбаева.

Маймыл чечеги – чанда кездешчү жугуштуу оору. Оорунун белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, чарчоо, баш оору кирет. Ошондой эле териде исиркектер пайда болуп, бүт денеге тарайт. Инкубациялык мезгил 5 күндөн 21 күнгө чейин.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо