САЛЫК КЫЗМАТЫНА КАРЫЗЫ БАРЛАР ЭМИ ӨЛКӨДӨН ЧЫГА АЛБАЙБЫ?

№1019 17-23-июнь, 2022-ж.

Мамлекеттик салык кызматы салык жаатында карызы бар миңден ашык жаранга айрым чектөөлөрдү киргизди.

Маалыматка таянсак, 1-июнга карата сот аткаруучулар кызматы 7 миллиард 683 миллион 9 миң сом суммасында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар 1001 салык төлөөчүгө карата алдын алуу чараларын көрдү.

Жыйынтыгында 251 салык төлөөчү 42 миллион 3 миң сом суммасында карызын жойгону айтылат маалыматта. Салык боюнча 100 миң сомдон ашык карызы бар жарандарга төмөнкү тыюу салуулар колдонулат: өлкөдөн чыга алышпайт, кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ар кандай аракеттерди көрө алышпайт, банктык операцияларды жүргүзө алышпайт, карызы бар адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана башка паспорттук маалыматтарын өзгөртүүгө жол берилбейт, лотерея утуштарын, акчалай же белек катары алынган башка мүлктөр белек, материалдык жардам же мурастоо катары берилбейт жана башка чаралар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо