ФЛЕШМОБ: КЫРГЫЗСТАН БАТКЕНДЕН БАШТАЛАТ

№1019 17-23-июнь, 2022-ж.

15-июнда Баткендин Раззаков шаарында “Кыргызстан Баткенден башталат” аттуу флешмоб өттү. Өлкөнү даңазалаган патриоттук ырлар жаңырып, спорттук трюктар көрсөтүлдү. Бул – Баткенде жасала турган иштерди коомчулукка тааныштырууну максат кылып президенттик аппарат уюштурган маалыматтык турдун башталышы болду.

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин айтымында, быйыл Баткен облусунун жолдорун оңдоого 600 миллион сомдон ашык каражат каралды. Ошондой эле облуста ипотекалык үйлөрдү куруу пландалууда.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова ипотекалык үйлөр 25 жылдык мөөнөткө берилерин айтты.

– Баткен облусунун өзгөчө макамы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Биз 200 миллион сом бөлдүк. Бул каражатка Баткен районундагы Бакай, Керме-Тоо айылдарында жана Лейлек районунун Кулунду, Раззаков айылдарына бир кабаттуу турак үйлөр курулат. Мөөнөтү 25 жылдык, 4 пайыз менен берилет,- деди Төлөгөнова.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо