БИР БҮРКҮМ. ПРЕЗИДЕНТ АКЫЙКАТЧЫНЫ КАБЫЛ АЛДЫ...

№1020 24-30-июнь, 2022-ж.

  • Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кылмыш ишин тергөө Башкы прокуратурадан ИИМге өткөрүлдү.
  • 20-майда пара алууга шектелип кармалган Жумгал райондук сотунун судьясы УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
  • Айнура Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Учкучсуз учуучу аппараттар менен иштөөнү киргизүүгө жана окутууга көмөктөшүү үчүн Бишкекке Түркия ИИМинин делегациясы келди.
  • Бишкектеги дүкөндөрдүн биринен 2 миллион сом уурдап кетүүгө шектелип 2 жаран кармалганы маалымдалды.
  • 2021-жылы чет жерден Кыргызстанга 540 мекендешибиздин сөөгү жеткирилгени айтылды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: Быйыл “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын 80 бүтүрүүчү алат.
  • Бишкек-Ош жолунун Таш-Көмүр шаарына караштуу тилкесинде күйүүчү май ташыган унаа күйүп кетип, анын айдоочусу каза тапты.
  • ИИМ жарандарды сууга түшүүдө коопсуздукту эске алууга чакырды.
  • Нуртазин Жетибаев Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору болуп дайындалды.
  • Экс-депутат, “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов 20-июнда үй камагына чыгарылды.
  • Бишкек мэриясы 100 даана автобус сатып алууга сынак жарыялады.
  • Коомдук жай, имараттарга видеобайкоо системин орнотууну милдеттендирген мыйзамга кол коюлду.
  • Мектептерде бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.
  • Ат-Башы райондук салык кызматынын башчысы ишеничтен кетти деп кызматтан бошотулду.
  • Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 20-июнда президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду.
  • 23-24-июнда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеялар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламент депутаттарына "мени кемсинтип сүйлөөгө силердин укугуңар жок" деп эскертти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо