-

Кытайлык компания келишим түзүлсө Бишкекке
электроавтобустарды жеткирүүгө даяр экенин билдирди.
-
Бишкек мэриясы шаардыктарды ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
-
Кыргызстанда Курман айт майрамы 9-июлда белгиленери маалымдалды.
-
Кыргыз өлкөсүнүн Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев кызматынан бошотулду.
-
Башкы прокуратура: “Чыгыш электр” ишканасы мамлекеттик казынага 20 миллион сом зыян келтиргени аныкталды.
-
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн 18-августка чейин узартты.
-
“Аэрофлот” авиакомпаниясы Ысык-Көлгө каттамдарын көбөйткөнүн жарыялады.
-
Кара-Балта шаарында 10 миллион долларга таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу пландалып жатканы айтылды.
-
Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевге “ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча президенттин жарлыгынын аткарылышын жетиштүү көзөмөлдөгөн жок” деп сөгүш жарыяланды.
-
Чүйдүн дыйкандары сугат суу жетпей жатканын айтып 27-июнда Бишкекте митингге чыгышты.
-
Жанар Акаев: “Манас” жана “Ош” аэропорттору 39 жылга түркиялык компаниянын башкаруусуна берилгени жатат.
-
Москвада Кыргыз кызы сүйлөшкөн жигити тарабынан коркутууга кабылганын айтып милицияга кайрылды.
-
Депутат Тазабек Икрамов “малекеттик кызматкерлерди расмий иш-чараларда ак калпак кийип жүрүүгө милдеттендирүү керек” дейт.
-
Акылбек Жапаров: “Тышкы карызды төлөөнүн оор учуру 2023-жылга туура келет”.
-
Бишкекте жоюлган №47 абактын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулары айтылды.
-
Ысык-Ата районунда 13 жашар кыз поезд сүзүп кетип каза болду.
-
Садыр Жапаров: "1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт".
-
Депутат Дастан Жумабеков быйыл Талас облусунан бир да бүтүрүүчү Алтын сертификатка илинбегенине капа экенин билдирди.
-
Алмазбек Осмонов Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды.
-
Кумтөр кенинде жарым жылда 8,5 тонна алтын өндүрүлгөнү маалымдалды.