МАС АЙДООЧУЛАРГА 80 МИҢ СОМГО ЧЕЙИН АЙЫП САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН

№1022 8-14-июль, 2022-ж.

Кыргыз жеринде мас абалында унаа айдагандарга жаза катаалдашы мүмкүн. Парламент депутаты Марлен Маматалиев Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, мас абалында унаа башкарып жол эрежесин бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, иштеп жаткан мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп жазылган.

Демилгечи айдоочу мас абалында кармалса, ага 50-80 миң сом айып салууну сунуштады. Азыркы тапта айып пул 17 500 сомду түзөт. Ал эми медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тарткандыгы үчүн, ошондой эле унааны мас адамга башкарууга бергендиги үчүн да 17 500 сом айып каралууда.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде Кыргызстанда жол кырсыктарынын эң негизги себеби – мас абалында унаа башкаруу болуп жатканы белгиленет. Экинчи орунда жогорку ылдамдыкта айдоо турса, кийинки орунда айдоочулук күбөлүктү сатып алуу, айдоо тажрыйбасынын жоктугу турат.

2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон. Мунун ичинен 93ү балдар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо