50 АБИТУРИЕНТ ЖОЖго МЫЙЗАМСЫЗ КАБЫЛ АЛЫНГАН

№1022 8-14-июль, 2022-ж.

Өлкөдө мамлекеттик ЖОЖдордун бири абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алганы аныкталды. УКМКнын маалыматына таянсак, окуу жайдын бюджеттик орундарына мыйзамсыз кабыл алууда деп Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн үстүнөн даттануу түшкөн.

– Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери чет элдик жарандар үчүн каралган бюджеттик орунга кыргызстандык 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарышканы аныкталды. Бул өкмөттөр аралык макулдашуунун шарттарына каршы келет,- деп айтылат маалыматта.

Бюджеттик орундарга абитуриент кабыл алуу аталган министрликтин бирдиктүү электрондук порталы аркылуу эмес, ЖОЖдун өзүнүн тандоо системи аркылуу ишке ашырылган.

Билим берүү жана илим министрлиги бул окуя бир жыл мурун, 2021-2022-окуу жылына кабыл алууда болгонун, быйылкы окуу жылына кабыл алууга тиешеси жоктугун маалымдады.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо