БИР БҮРКҮМ. 190 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ...

№1023 18-21-июль, 2022-ж.

  • 11-июлга карата Кыргызстанда COVID-19га каршы 1 миллион 571 миң адам эмдөөдөн өттү.
  • 92 Кыргыз жараны атайын меморандумдун алкагында Түштүк Кореяга жумушка ороношууга жиберилди.
  • Ташкент-Бишкек багыты боюнча аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү, эми аптасына 4 жолу учат деп билдирет “Манас” аэропорту.
  • УКМКнын төрагасынын орун басары Бекбосун Апсатаров кызматынан бошотулду.
  • Чүйдө үгүт жүргүзүп келген диний-экстремисттик кыймылдын 3 мүчөсү кармалып, камакка алынганы айтылды.
  • 12-18-июль күндөрү кесиптик орто окуу жайларга документтерди онлайн форматта каттоонун 1-этабы жүрөт.
  • Бишкекте “Ихсан” турак жай кооперативинин жетекчиси кылмышка шектелип кармалды.
  • Бир аптада Кыргызстанда 190 айдоочу мас абалында унаа башкарып жүргөн учурда кармалганы маалымдалды.
  • Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасынын мурдагы жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды.
  • Улуттук статистика комитети: Июль айына карата бензиндин баасы 50 тыйынга арзандады.
  • УКМК: Бишкекте Курман айт күнү жардыруу уюштурууну пландаган жергиликтүү жана чет элдик жарандар кармалышты.
  • Миң-Куш аймагынан 150 тонна көмүрдү мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалышканы маалымдалды.
  • 2022-2023-окуу жылында ЖОЖго тапшыруудагы босоголук чек негизги тест боюнча 110 балл, предметтик тест боюнча 60 балл деп белгиленди.
  • 2022-жылы өлкөдө 400 чакырым жолго асфальт төшөлөрү айтылды.
  • Бишкекте 11-июлда чет элдик жаранды тоноп кетүүгө шектелип 4 жаран кармалып, камакка алынды.
  • Төө-Ашуу тоннелинде оңдоп-түзөө иштери жасалды.
  • Баткендин Кадамжай районунда 10 жашар бала дарыяга агып кетип каза тапты.
  • Бишкекте 13 жашар кызды зордуктоого шектелип кармалгандар кылмышты моюнга албай жатканын жабырлануучунун жактоочусу билдирди.
  • Кыргыз жеринде ПЧР-тесттин баасы арзандады, эми 490 сомго тапшырууга мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо