ПРЕЗИДЕНТ: “САЯСИЙ ОЮНДАР БҮТТҮ, ЭМИ ИШТЕЙЛИ”

№1023 18-21-июль, 2022-ж.

14-июлда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Мамлекеттик органдардын жетекчилери 2022-жылдын 6 айында жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат беришти.

“Кыргызстан азыр ыңгайлуу позицияда турат”

"Саясий оюндардын баары бүттү. Алдыда экономика менен алектене турган жылдар турат". Пезидент Садыр Жапаров жыйында ушундай деди. Мамлекет башчысы өткөн жылы конституциялык өзгөртүүлөр менен катар бардык тармактарды өнүктүрүү боюнча жарлыктар, мыйзамдык актылар иштелип чыгып, кабыл алынганын белгиледи.

– Кыргызстан азыр ыңгайлуу позицияда турат. Темир жол транспорту, авиация инфраструктурасын түзүү иштери күчөтүлөт. Дүйнөлүк экономикалык трансформация жана тышкы терс факторлордун таасири шарттарында биз өлкөнүн экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди, күчтү, ресурстарды бириктирип, өнүгүүгө карай багыт алышыбыз керек,- деди Садыр Жапаров.

“Крыша болуу” дегенди жок кылабыз”

Өлкөдө “крыша болуу" деген түшүнүктү таптакыр жок кылуу пландалып жатканын айтат президент.

– Баарыңарга эскертем: Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө “крыша” болуп же мамлекетке каршы иштердин аркасында турса, эч кимиңерди аябайбыз, буга чейинки кылган жакшы иштериңерге да карабайбыз,- деди президент.

Дүйнөдө кризис, Кыргызда өсүшпү?

Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду жана министрлерди “дүйнөлүк кыйынчылыктарга карабай экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртты” деп мактады. Айтымында, 2022-жылдын 6 айында Кыргыздын ички дүң продукциясы 6,3 пайызга өстү. Бул жыйынтыкты Акылбек Жапаровдун командасынын чечкиндүү кадамдарынын жемиши деп атады президент.

Тышкы карыз 180 миллион долларга өсүшү мүмкүн

2022-жылы Кыргыздын тышкы карызы 180 миллион долларга өсүшү мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, тышкы карыз бийликтин көзөмөлүндө турат. Ал эми тышкы карызды төлөөгө быйыл 400 миллион доллар керектелет.

Кимдер сындалды?

Айыл чарба министрлигинин ишин сындады президент. “Ушунча акча бөлүнүп жатканына карабай 2 пайызга өсүш деген – абдан төмөн көрсөткүч”,- деди ал.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо