D ВИТАМИНИ ДЕПРЕССИЯНЫН АЛДЫН АЛАТ

№1023 18-21-июль, 2022-ж.

D витамини – жашоо үчүн зарыл болгон процесстерге катышуучу биологиялык активдүү кошулма. Изилдөөчүлөр гормон деп да белгилеп келишет. D витамини тууралуу көптөгөн пайдалуу маалыматтарды сиздерге сунуштайбыз. Материалды даярдоого үй-бүлөлүк дарыгер Элнура Валижан кызы менен косметолог Алина Шерматова көмөк көрсөттү.

D ВИТАМИНИ ТУУРАЛУУ КАНТИП БИЛИШКЕН?

Бир кылым мурун итий (рахит) оорусунун дабасын табуу үчүн эксперименттерди биринин артынан бирин жүргүзүшкөн. Алгач 1914-жылы америкалык биохимик Элмер Макколум балык майындагы А витаминин аныктап, бул оорунун дарысы деп чечкен. Бирок 1922-жылы андан башка зат – D витамини таасир этип жатканын изилдеп чыккан. Бул төртүнчү болуп аныкталган витамин болгондуктан латын алфавиттик катарындагы төртүнчү турган D тамгасы менен аталып калган. Кийинки жылы эле күн нурунан D витаминин алууга болорун билишкен.

ИШТЕШИ

D витамини өз кызматын аткарышы үчүн сөзсүз май, өт ферменттери, ошондой эле кальций жана фосфорго бай тамак-аш керектелет.

Күндүн ультра-кызгылт нурлары териге тийери менен тери астында D3 витамини синтезделе баштайт да, канга өтүп, кан менен боорго барат.

Тамак-аш же капсула менен кирген D витамини ичке ичегиде кальций менен кошулуп кальцитриолду (D витамининин активдүү формасын) пайда кылат. Ал боорго, бөйрөккө барып сиңет.

ТАМАК-АШТАГЫ D ВИТАМИНИНИН БУЛАГЫ:

Майлуу балык, икра, боор, жумуртка сарысы, сыр, сүт азыктары, жашыл буурчак

КҮН НУРУНАН D ВИТАМИНИН АЛУУ

  • Кара терилүү адамдарга 20 эсе көп күн нуру талап кылынат. Тери канчалык ачык түстө болсо күн нурунан ошончолук бат витамин алууга болот.
  • Күнгө күйүү терини картайтат, ошондуктан түз тийген күндөн сактануу зарыл. Түз тийген нурлар териде тактарды пайда кылат, коллагенди азайтып, рак клеткаларын ойготот.
  • D витаминин алууда таң эрте жана күн батарда тийген нур пайдалуу. Жайкысын эртең мененки 10го чейин, кечки 5тен кийин колду, бутту же моюнду ачып сейилдөө жетиштүү. Бетти кандай учурда болбосун коргоо керек. 10 мүнөттөн баштап 30 мүнөткө чейин жүрүүгө болот.
  • Көл жээгинде күйүүдө (загар) теринин түсү кандай болбосун жогоруда айтылган убакытта алгач 1-2 мүнөттөн күн нурун алып баштап, аз-аздан 5 мүнөткө чейин жеткизүүгө болот.
  • Күнгө күйүп калган жана карыган тери күн нурунан D витаминин синтездей албайт. Кары адамдар D3 витаминин кошумча ичүүсү керек.
  • Айнектен, кийимден өткөн нур D витаминин пайда кылбайт.
  • Күн нурунан D витамининин ашыкча дозасы келип чыкпайт, анткени тери нормадан ашык витаминди иштеп чыгара албайт.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо