КОЛДУН ТЕРИСИН ЖАШАРТАБЫЗ

№1024 22-28-июль, 2022-ж.

Күнүгө бет терисине кандай кам көрсөң, колдун терисине андан эки эсе камкордук көрүү керек. Анткени идиш-аяк, кир жууганда колдонулчу химиялык кошулмалары бар каражаттардын баары колубуз аркылуу өтөт. Кол терисин нымдандырып, жашартуучу маскаларды үй шартында жасап алыңыз.

  • Маска жасаардын алдында колду скраб менен тазалап алсаңыз, жакшы жыйынтык аласыз.
  • 2 аш кашык айранга 2 аш кашык лимон ширесин кошуп аралаштырабыз. 10 мүнөт тыныктырган соң масканы колго текши сүйкөйбүз да жарым саат коюп коёбуз. 30 мүнөттөн кийин колуңузду жылуу суу менен чайкап коюңуз. Косметологияда глицерин кеңири колдонулат. Кол терисин жашартуучу маскага да глицерин жакшы жардамчы боло алат. Кайнап, кийин бөлмө температурасына чейин муздаган 40 грамм сууга 50 грамм жүгөрү унун жана 4 грамм глицерин кошуп, жакшылап аралаштыруу керек. Даяр болгон аралашманы колго тегиз сүйкөп, 20-30 мүнөт күтөбүз да, жылуу сууга жууп салабыз.
  • Косметологияда глицерин кеңири колдонулат. Кол терисин жашартуучу маскага да глицерин жакшы жардамчы боло алат. Кайнап, кийин бөлмө температурасына чейин муздаган 40 грамм сууга 50 грамм жүгөрү унун жана 4 грамм глицерин кошуп, жакшылап аралаштыруу керек. Даяр болгон аралашманы колго тегиз сүйкөп, 20-30 мүнөт күтөбүз да, жылуу сууга жууп салабыз.
  • Бир аш кашык лимон ширесине 1 жумуртканын сарысын, 1 чай кашык бал жана 1 аш кашык бадам майын кошуп аралаштырабыз. Бул масканы жатарда колго сүйкөп, жууркан-төшөктү булгабаш үчүн атайын косметологиялык кол кап кийүү керек. Эртең менен кол териңиз жумшарып, майда бырыштар жазылып, шуудурап кургабай нымдалып калат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо