БИР БҮРКҮМ. АДАТТАН ТЫШ ЫСЫК БОЛОТ...

№1024 22-28-июль, 2022-ж.

Бишкек мэриясы: Бишкекте ижарага алынган жерге 76 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп кеткен.

Автоунаалардын алдынкы каптал айнегин караңгылатуудан 1,5 айда бюджетке 54 миллион сомдон ашык киреше түшкөнү айтылды.

ӨКМ: Акыркы 6 айда Кыргыз жеринде 38 адам сууга чөгүп каза тапты, мунун 20сы балдар.

Майлуу-Суудагы лампа заводун модернизациялоого мамлекеттик казынадан 1 миллиард сом бөлүнөрү айтылды.

Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлоо укугу венгриялык “А-Hid” компаниясына берилгени маалымдалды.

Мирлан Жакыпов “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 27 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцина сатып алмакчы.

Санариптик өнүктүрүү министри: “Калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүү көйгөйү бир жылдын ичинде чечилет”.

“Быйыл Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү 65 пайыз камсыздайт” дейт айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

16-июлда Ысык-Көлдө 2 жигит сууга чөгүп каза болгону кабарланды.

Экономика министрлиги: Кыргызстан жана Орусия рубль менен соодалашууга өттү.

Улуттук банк жарандарды чет өлкөлүк валютаны алмаштырууда сак болууга чакырууда.

Кыргыз жеринде 21-25-июль күндөрү адаттан тыш ысык аба ырайы күтүлүп жатканын ӨКМ эскертти.

Оштогу Папан суу сактагычынан 17 жаштагы өспүрүмдүн денеси табылды.

Октябрдан тарта өлкөдө пенсиянын көлөмү 50 пайызга жогорулай турганы расмий маалымдалды.

Өткөн жумада кылмышка шектелип кармалган “Ихсан” кооперативинин жетекчисинин тарапташтары 20-июлда Бишкекте митингге чыгышты.

Ошто 19-июлда чек арачы аюунун кол салуусунан улам каза тапты.

Кыргызстандык 2 окуучу химия боюнча эл аралык олимпиададан коло медаль утту.

Өлкөдө быйыл ноябрда өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө пландалууда.

Кыргыз жеринде 70 тоннадан ашык кара куурай өрттөлүп жок кылынганы айтылды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо