-

11-августтан тарта Грозный-Бишкек-Грозный аба каттамы боюнча учактар учуп баштай турганы кабарланды.
-
Нурлан Шерипов айыл чарба министринин орун басары кызматынан бошотулду.
-
Кыргызгидромет: 29-июлдан тарта өлкөдө күн салкындай баштайт.
-
Кыргызстандын музей фонду 1612 экспонат менен толукталды.
-
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги: Бишкек-Ош багыты боюнча авиабилеттин баасы 4 миң сомдон ашпашы керек.
-
Мамлекеттик “Кадастр” ишканасынын жетекчиси “кызматкерлеринен акча талап кылган” деп шектелип кармалды.
-
ТИМ: Учурда Ирак жана Сириянын абактарында 600дөй Кыргыз жараны бар.
-
Орусия Кыргыз өлкөсүнүн бюджетин колдоо үчүн жакында 10 миллион доллар грант берери расмий маалымдалды.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: Учурда өлкөдө авариялык абалдагы 245 мектеп бар.
-
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги: Маданият жана спорт тармагында 12064 кызматкердин айлыгы 50 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулады.
-
27-июлда Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
-
Автоунаасын жасалма документ менен Кыргызстанга киргизүүгө аракет кылган Орусия жараны Кыргыз-Казак чек арасынан кармалды.
-
Социалдык фонд: Пенсияга чыгуу курагы жогорулатылбайт.
-
Биринчи Май райондук соту жарандык активист Адилет Балтабаевди 29-августка чейин камакта калтырды.
-
2020-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы 6,1 миллион доза вакцина алып келинип, анын 3,5 миллиону пайдаланылды.
-
1-августтан тарта көмүр базаларында элге көмүр сатыла баштай турганы маалымдалды.
-
Министрлер кабинети Кыргыз өлкөсүндө Alibaba Group компаниясынын филиалын ачууну Кытай тарапка сунуштады.
-
Кыргызстанда 2-5-августта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскердик машыгуулары өтөт.
-
6 айда 10 миңден ашык кыргызстандык Орусия жарандыгын алганы айтылды.