ДОСКУЛ БЕКМУРЗАЕВ: “СВЕТТИН БААСЫ 2023-ЖЫЛЫ КЫМБАТТАЙТ”

№1025 25-июль - 4-август, 2022-ж.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргыз жеринде электр энергиясынын баасы өзүн актабай жатат дейт. Өлкөдө электр жарыгынан башканын баары кымбаттаганын айтты чиновник 27-июлда.

– Быйыл тарифтер өзгөрбөйт. Ал эми келерки жылы көтөрүү пландалууда. Биз элге сунуштап жатабыз. Мунун үстүндө ойлонушубуз керек. Акырындан кошуп отуруп 2030-жылга чейин электр энергиясына болгон бааны азыркыдан эки эсеге чейин көтөрүш керек. Анткени энергетика тармагындагы тышкы карыздарыбызды төлөшүбүз зарыл. Жалпак тил менен айтканда, азыркы тапта акыркы “сокторун сыгып” жатабыз. Электр кубатын сиздерге алып келип бериш үчүн анын техникалары, чыгашалары баары кымбаттап жатат. Доллардын курсу көтөрүлгөндө өсүмдүк майы, башка азыктар дагы кымбаттады, электр энергиясы гана кымбаттаган жок,- деди министр.

Бекмурзаев элди энергетика тармагындагы абалды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, электр энергиясынын баасын көтөрүүгө макул болууну өтүндү.

Өлкөдө жылдан-жылга электр энергиясын пайдалануучулардын саны өсүп жатат. Энергетика министрлиги кризисти жоюу үчүн тарифтерди көтөрүү керек дегенди көптөн бери айтып келет. Эл буга каршы, тарифтерди жаңылоо маселеси каралганда коомчулук кескин нааразычылык билдирет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо