«АТА МЕКЕН» МЕНЕН «АР-НАМЫС» ОППОЗИЦИЯГА КЕТТИ

№425 24-30-декабрь, 2010-жыл.

Жогорку Кеңеште эмне кеп?

Парламенттик коалицияга кошулбай калган “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” партиялары расмий түрдө оппозицияга кеткенин жарыялашты. Бул тууралуу алгач Феликс Кулов 20-декабрда билдирсе, Өмүрбек Текебаев “аркы өйүзгө” өткөнүн 23-декабрь күнү жыйында билдирди. Бакиевдин заманына караганда азыркы бийликтегилерге оор, анткени оппозиция күчтүү.

КРЕСЛОСУ ЖОК, КЫЗМАТЫ БАР ВИЦЕ-СПИКЕРЛЕР
Парламентте 5 вице-спикер дайындалмакчы болду. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин чоң жыйын залында спикердин жанында орун басарлар үчүн 4 гана кресло бар. Бирок “ата журтчулардын” айтымында, орундук жок болгонуна карабастан, вице-спикер болууну каалагандар көп. Андыктан спикердин жанында кезеги менен экиден орун басар кошо жыйын алып барышмакчы болушту. Төрага Ахматбек Келдибековдун “жан-жөкөрлөрү”: “Ата Журттан” Мыктыбек Абдылдаев, “Ата Мекенден” Асия Сасыкбаева, “Республикадан” Бакыт Төрөбаев, КСДПдан Асылбек Жээнбеков, ал эми “Ар-намыстан” Бөдөш Мамырова.

“АТА ЖУРТ” ИЧ АРА ЫДЫРАЙ БАШТАДЫ
Бакиевдин тушунда Коррупцияга каршы ведомствонун төрагасы Садыр Жапаров менен “бригадачы” же мурунку Каржы министри Марат Султанов коалициялык топтон бөлүнүштү. Садыр Жапаров “Ар-намыска” жан тартканын көргөн Акылбек Жапаров аны баатырга теңеп жиберди. Ал эми Марат Султанов жаңы өкмөттүк курамга нааразы имиш. Же “папке” жетпей калганына ыза болгон чыгар... “Бөлүнгөндү бөрү жейт болобу” же башкабы, кыскасы, Жапаров менен Султанов өздөрүнчө “оппозициячы” атыкмак болушту.

ЖоКеде КОМИТЕТ ТАЛАШМАЙ
Жогорку Кеңеште “устукан” талаш башталды. Спикери, анын орун басарлары бүткөн чыгар, эми комитеттерди бөлүшмөй ызы-чууга бөлөндү. “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” өкмөттөн кур жалак калган соң комитеттердин башчылыгына ээ болууга аракет жасоодо. “Куловчулар” бюджеттик жана адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр боюнча эки комитетти өзүнө тартса, “текебаевчилер” тартипти сактоо жана паракорчулук боюнча комитетке көзөмөлчү болгулары келишет. Баары биригип соодалашуу текчесинде 16 комитет бар. Эскерте кетсек, буга чейин ЖКда 9 гана комитет болгон.


Жылмайып коюңуз!

АТАМБАЕВДЕН «СВЕЖИЙ» АНЕКДОТ

Алмазбек мырза ажо Роза Отунбаевага «Тамашоудон» уккан анекдотун айтып берип жатат:
– Жаңы президент мурунку экөөнөн эмнеси менен айырмаланат? Жаңы президент – чыныгы эркек!

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
25.12.2010. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо сиздер маалыматты жакшылап тактап анан чыгарбайсынарбы ойду келди жаза бербей.
25.12.2010. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jua, Именно кайсы маалымат?
25.12.2010. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biyilik degen ooru jabyshtyda kaldy bizge. Kreslo talashyp butkoncho,kyrgyzdar tush tarapka tarap,jok bolup butmoi boldu. Kim uchun biyilik? El jurt tarap ketse,dagy kech bololekde oilonushsa...........
26.12.2010. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев омур бою ОППОЗИЦИЯда журот экен да эми!!!!
28.12.2010. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфону Ата-Мекенди мактатып, Ата-Журтту жамандатып эле койсо болду
28.12.2010. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арина мен Ата-Журттагы С.Жапаров м-н М.Султановду айтып жатам алар эч кандай оппозицияга кеткен жок.
28.12.2010. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jerkin сиз туура айтасыз.
28.12.2010. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
el kymbatchylyktan tarap butkon ozu dele.kalsa 2-3mlndoi el kalsa kerek kary kartan jash baldar.ishtep kyiratsanar el dele ozu koiup almak kyjynyn.eldi oiloboi ele papke oilorunun baary
29.12.2010. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tekebaev el uchun ishteyt dep ech oyloboym
29.12.2010. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kiynalgan eldi kordobogula,el uchun ishtegile
29.12.2010. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ata Jurt eldi jerdi danazalagyla
30.12.2010. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев эл үчүн эмес, бийлик үчүн иштесе, бийликке ээ болгонго анда толтура шанстар болгон. Бакиевдин, атургай эчак эле Акаевдин колтугуна кирип алып, акырын аларга кошулуп элди тоноп, жыргап куунап жашай бермек. Абийири бар экен, калыстык үчүн кармашып келатат. Ким билет, анда эл бийликти кулата да албай калмак беле, Назарбаевге окшоп бийлигин улам чоюп журо беришмек. Акаев кеткенде(Бакиевге караганда ал төөлүк өйдө иш кылган э
30.12.2010. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экен) Текебаевге ишеним артарын айткан эле. Ата журттагылар эптеп эле бийликке илешип алсам деген эргулдар. Мурда президентти корголоп келишкен, эми парламентке келишти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо