Бир бүркүм. ТАМАКТАН МАССАЛЫК УУЛАНЫШТЫ...

№1026 5-11-август, 2022-ж.

  • 1-августтан тарта Кара-Кечеден көмүр ташыла баштады. Баасы кендин өзүндө 1 тоннасы 1450 сом болуп жатканы айтылды.
  • Ошто коомдук унаалардын кыймылын жарандар онлайн көзөмөлдөй алышат, бул үчүн спутниктик систем ишке кирди.
  • Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө макулдашууга быйыл сентябрда Ташкентте ШКУнун саммитинде кол коюлары маалымдалды.
  • Кыргыздын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов кызматынан бошотулду.
  • “2022-жылдын 6 айында республикалык бюджетти толтуруу планы 98,3 пайызга аткарылды”,- деп билдирди Каржы министрлиги.
  • Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
  • 31-июлда Кадамжай районунда тамак-ашка массалык уулануу болду, жабыркагандардын саны 120дан ашты.
  • “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасы ТИМден президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөрү айтылды.
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп Азамат Муканов дайындалды.
  • Бишкекте №1 СИЗОдон киши колдуу каза тапкан кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.
  • Улуттук статистика комитети: Мунай азыктарын импорттоо 2022-жылдын 7 айында 20 пайызга өстү.
  • Дайырбек Орунбеков президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Жогорку Сот кримтөбөл Улан Токтосуновдун ишин кайра кароо өтүнүчүнөн баш тартканы белгилүү болду.
  • 3-августта Ысык-Көлдө кичи автобус катышкан жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапса, 23 адам жараат алды.
  • Ысык-Көлдө 4 жаран эс алуучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп тоноп кеткени 4-августта кабарланды.
  • 4-августта Орусиядан Ошко учкан учак техникалык себептерден улам Бишкекке конууга аргасыз болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо