Садыр Жапаров: “АЙЛЫКТАР КӨТӨРҮЛДҮ, ЭМИ ӨЛКӨГӨ КҮЙҮП ИШТЕГИЛЕ”

№1026 5-11-август, 2022-ж.

1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы 50 паыздан 100 пайызга чейин көтөрүлөт. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлганы маалым. Президент айлыктар эмненин эсебинен көтөрүлүп жатканын 3-августта атайын билдирүү жасап айтты.

– Буга чейин “мамлекеттик кызматтын сапаты түшүп кетти” деген кептер көп айтыла баштаган. Анын негизги себептеринин бири дал ушул эмгек акы маселесине барып такалчу. Мына эми “Кумтөр” сыяктуу ири кендерибизди өз колубузга алып, мамлекеттин кызыкчылыгына буруп, бажы, салык төлөмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу өлкө казынасын толтуруу боюнча аракеттерибиздин жемишин көрө баштадык,- деди Садыр Жапаров.

Өлкө жетекчиси айлыктын көтөрүлүшүнө байланыштуу мамлекеттик кызматкерлерди өлкөгө күйүп иштөөгө чакырды.

– Эми ар бир мамлекеттик кызматкер ар күнү ишине бара жатканда “бүгүн мен мамлекетиме кандай пайда алып келем?” деген жигердүү дем менен келиши зарыл. Мындан ары ишиңерге жаңы күч, жаңы көз караш менен мамиле кылып, өнүгүү мүмкүнчүлүгү мол болгон өлкөбүздү өргө сүрөөгө, мамлекетибизди өнүктүрүүгө, элибиздин жаркын келечегин түзүүгө батыл киришели,- деди президент.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо