БИР БҮРКҮМ. 1 ЖЫЛГА ЖЕТЧҮ ИНСУЛИН БАР...

№1027 12-18-август, 2022-ж.

  • 8-августта АКШнын Чикаго шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды.
  • Өлкө башчы Садыр Жапаров сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышат.
  • Жапарбек Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды.
  • Социалдык фонд: 2022-жылдын 7 айында өлкөдө 40 960 адам пенсияга чыкты.
  • Орусияда Кыргыздын 2 жараны канализацияга агып кетип каза тапты.
  • Жалал-Абадда мамлекеттик нотариустун кызматкери 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги: Уюлдук операторлорго өлкөдө 5G технологиясын сыноого уруксат берилди.
  • Кыргызстанга 1 жылга жетерлик инсулин алып келингени жарыяланды.
  • Бишкекте акча алмаштыруучу жайды тоноп кетүүгө шектелип 2 адам кармалганы 8-августта маалымдалды.
  • 8-августта катуу шамал болуп Чүйдө 17 үйдүн чатырын учуруп кеткенин ӨКМдан кабарлашты.
  • Төө-Ашуудагы унаалардын кыймылы үчүн киргизилген убактылуу чектөөлөр алынганы маалымдалды.
  • Быйыл 9-октябрда Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөрү белгилүү болду.
  • Убагында президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп иштеген Эрнис Толтоев Ош облусунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
  • Өлкөгө кумшекерди жеңилдетилген тариф менен ташып келүү мөөнөтү 2022-жылдын соңуна чейин узартылганы айтылды.
  • 25-26-августта Ысык-Көлдө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөрү маалымдалды.
  • Кадамжайда кичи ажылыкка жөнөтөм деп жарандарды алдап акча жыйноого шектелип 1 аял кармалды.
  • 11-августта Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо