ҮЧҮНЧҮ РЕВОЛЮЦИЯ БОЛОБУ?

№425 24-30-декабрь, 2010-жыл.

Аптанын окуясы

Ачылганына бир апта болбогон “Таза багыт” коомдук бирикмеси оңой эмес, опол тоодой акчага издөө салды. 2010-жылдын бюджетинин таңсыктыгы башында эле 13 миллиард сом экени баарына белгилүү болчу. Бирок ноябрь айында Каржы министри Чоробек Имашев быйылкы жылдын дефицити дагы 3 миллиард сомго көбөйгөнүн билдирген.
«Таза багыт» «Анда апрель айынан бери бюджеттин кошумча каражатына которулган 452 миллион доллар кайда кеткен?» деп суроо салат. Алар Өнүктүрүү фондунун эсебинен 213 миллион доллар, Бакиевдин жакындарына тиешелүү банктагы эсептеринен 19,7 миллион доллар жана 219 миллион доллар гранттык түрдө алынганын тактап чыгышкан. «Эгерде бул каражат максаттуу жумшалса, мугалимдер бүгүнкүдөй митингге чыгышмак эмес»,- дешет алар. Анын үстүнө кошумча которулган каражаттын эсеби менен казынанын таңсыктыгы, тескерисинче, азайышы зарыл эле, тактап айтканда, бюджеттин профицити 105 миллион долларды түзүп калмак.
Андан сырткары “таза багытчылар” бийликке кайра эле кечээги “бакиевчилер” келип алышканына өтө нааразы. “Кыргызстанда үчүнчү революция бышып жетиле баштады”,- дейт жаңы бирикменин мүчөсү Орунбек Чондоев. Алардын айтымында, 7-апрелден кийин КСДПнын өкүлдөрү каза болгондордун туугандарына “бакиевчил” реваншисттердин кайтып келбей тургандыгына сөз беришкен. “Бирок КСДП “Ата Журт” партиясы менен коалицияга биригип, элин сатып кетти”,- дейт ал. «Таза багыттын» нааразычылыгы төмөнкүчө уланат: Бүгүнкү өкмөттүн курамында экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Төрөгул Беков Айыл чарба министри болсо, депутат Камчыбек Ташиевдин жакын досу Болотбек Борбиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды.
Жогорудагы бирикменин пикири боюнча, шайлоо учурунда «Республика» партиясын Максим Бакиев каржылаган. Ага Аскарбек Шадиев, Игорь Чудинов жана башкалар ортомчулук кылышкан.
Жакын арада “Таза багыт” бирикмеси республика боюнча өзүнүн митингдерин баштамакчы. Алар парламент менен өкмөттү таратууну талап кылышат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(15)
25.12.2010. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бирдемкеге тан калам да, ушунун силерге эмне кереги бар? Айткылачы! Ортодо элди кара куч катары колдонуп жатасынар, лозунгтарды карматып ары-бери чуркатып коюп! Анысы го мейли, даже олуп да кетип жатпайбы, а силер ага жооп бербейсинер да, туурабы?! Ары караса да, бери караса да мечтанар бир гана-бийлик эле! Силердин да устунордо тургандыр го бироо! Андан коро Кыргызстан дегендин ордуна, Митингстан деп эле атап койгулачы! Олконун пайдасы жок революциякана болуп кетти го!
25.12.2010. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан туура айтылган создор, UvE. 3 революцияны Кыргызстан которалбайт, мамлекетибизди жоготуп алабызго тугандар, болду эми тынч эле жашайлычы!!!
25.12.2010. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата мекен 3чу революцияны озунорду эле ойлоп кылгынар бар силерге деле бийлик эле болсо болду Супер инфо сиздер политикага аралашпай эле койсонуздар болмок.
25.12.2010. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amirbek sozyno toluk koshulam Kurgyzstan 3chy revolyusiyany kotoro albait,andan koro ozdoru salumyn koshup jardam berse bolot ko,egerde chundap eline,jerine kuiso.
25.12.2010. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dwegi emne bolup ketet eken.Baschka mamleketter bizdi andyp oturuschat Kyrgyzstan dagy emnenin ichinen chygat dep.Abizdin sajasatchylardyn privychkasyna ailandygo bijlik talaschmai!
26.12.2010. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
То что жоголгон акчаларды суруштургонунор туура эле иш. Бирок ким Бакиевтин тушунда иштеп койсо баарын эле Бакиевчил деген болбойтта Ташиев таза иштеген. Анда Акаевчилер да толтура журушпойбу. "Таза Багыт" деп кайдан чыга калдынар жон эле жургулочу митинг уйуштуруп жатып Кыргызстанды курута турган болдунарго. Кватит иштейли которулойлу стлерге окшогондордун айынан бир жакшы иштеп жургон адамдардын иши токтоп калып жатат.
26.12.2010. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лично мое мнение, "Таза Багыт" дегенди Ата-мекенчилер кылватшат. Тушунбоймда буларга, колунда турган дапдаяр бийликти алдырып коюп, эми чычалаштын не кереги бар деймда. Болду эми Омурбек Т эл тынч эле жашасынчы, токтоткулачы митингтеринерди. Озучу, биз Кыргыз элге ДЕМОКРАТИЯ деген понятиянын кереги жок болчу, же биз учун бул саааль эртераак келип калыптыр, бизге каттык кол Сталиндей президент керек...
27.12.2010. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bilbeim mitingke kim chygat. Menin taanyshtarymdyn, tuugandarymdyn biroosu mitingke chyktym degenin uga elekmin. Akaev ketti mitingke chykkan karapaiym kalk dagy ele oshol jashoosun ulantty, Bakiev ketti dagy ele oshol turmush emi dagy ne kerek. Baarybir kim president bolso da,oz jashoon menen jashai beresin. Je Rosa otunbaeva biroonun uyuno kelip bir kap un berip ketiptirbi. Kalp ele ozdoruno ozdoru syilyk berip ele jurusho beret. Bilbeim anyn president bolgonuna kancha boldu birok...
27.12.2010. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dagy ele oshol baleeden bashy chykpagan Kyrgyzstan. Kaira kaira ele angekten kachsan dongokko.
Menin tenemdin bir jakshy makaly bar "Jaman attu jaryshka toiboit, Jaman tonduu kuroshko toiboit".
27.12.2010. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
revolyutsiyaga 4ikkandan koro paydaluu iw menen alektensener bolo,kerek bolso biylik miyligi jok dele kotorulup kete alabiz,..jalkooluk beker4ilikten kilarga iw jok bolso ele mitinkge 4iga berbey..andan koro kiyinki jawoonun ulandisin,ertenki kundu oylonsonor bolo,owon4oluk ele kelesobuzbu! andan koro biz dele birdemkeden bir nerse kilip Kirgizstandi kotorup kete alaribizdi korsotpoylubu,kirgizstanda jumuw toltura oylonup korsok,prosto jalkoolor koopda!kirgizdar Bakiev aytkanday ,koi, bolboylu4u
27.12.2010. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mintip e4 nerse bolo elekte.. miting dese ele keteberbey..oylonsonor..kajdiy miting sayin..baardik nerseler kimbattap jatat,jakinda satarga kiwi jok kalat,alarga ak4a jok bolup ele oturup kalabiz kol4uko!alarga ak4a ele kerek bolso,bizge jawoodon da Kirgizstandi saktap kaluu kerek,olkobuzgo koz salgandar toltura..aldirip koyboylu kirgizdar,miting dep jurup!
27.12.2010. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан-"Чырлуустан".эмнеге биздин саясатчылар революция уюштурганды жакшы көрүшөт?!Өкмөт башына келген адамдын 1-милдети-бул элдин коопсуздугу жана ЫНТЫМАК,бейкут жашоосу жонундө кам корүү болушу керек.Же өздорүнүн алы жетпеген ишке жөнөкөй элди ортодо аралаштырып,өздөрү артта аңдып турушабы?Эми 3-революция чыга турган болсо,Кыргызстан ыдырап кетет го.Ошондо олтурабыз,түштү
27.12.2010. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
түштуктү өзбектерге берип,калганыбыз орус,казактарга тебеленип...Деги Кыргызстандын саясатчылардан багы ачылбай койду го.
27.12.2010. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо акча силер ар кимдин айтканына эрденип митинг уюштуруп талкалаган жерлерди ондоого кетти.Ошто ондоп-тузоо иштерине кетип жатат.Муну "Ата-мекен" уюштуруп жатат.Капайым эл акчанын кайдан келип кайда кеткенин ийне-жибине чейин биле бербейт.Ата-мекен женилгенин тан алып эле койчу.Жаман катындай болуп ар жерден бирдемке уюштура бербей.
28.12.2010. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolduchu emi kimge keregi bar tonkorushtun,boldu go aprelde emne ozgordu,teskerisinche 10 jilga arkaga ketti.Kirgiz jerimde tinchilik bolsun ar dayim!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо