БИР БҮРКҮМ. ЭКС-МИНИСТР ИШИНЕ КАЙТАБЫ?..

№1028 19-25-август, 2022-ж.

  • Мектепте Диндердин өнүгүү тарыхы сабагын окута турган тарых сабагынын мугалимдерин жана теологдорду окутуу 15-августта башталды.
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 16-августта Түркияга иш сапары менен барды.
  • Cтратегиялык изилдөөлөр улуттук институту өлкө президентинин карамагына өттү.
  • Жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге 4,2 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилгени айтылды.
  • Сокулукта 16-августта күйөөсү сабаган аял милицияга кайрылды, кылмышка шектүү Орусияга учуп кетерде колго түштү.
  • Балыкчы-Корумду темир жолунун 2022-жылга пландалган 5 чакырымын куруу иши 70 пайызга бүткөнү кабарланды.
  • Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши “кылмыштын курамы жок” деген жүйө менен кыскартылды.
  • Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде 1 жоокер каза болгону 17-августта кабарланды.
  • Кыргызстанда дизель майына баа көтөрүлүшү мүмкүн экени расмий маалымдалды.
  • Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды.
  • Кыргызстанда 2022-жылдын 6 айында мамлекеттик программа боюнча 1041 үй-бүлө ипотека алганы айтылды.
  • Кара-Көл шаарында 6 тоннадан ашык кара куурай өрттөлүп жок кылынганын Жалал-Абад ОИИБи билдирди.
  • Мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин үйлөрү эми балдардын реабилитациялык борборуна айланары маалымдалды.
  • Улуттук статистика комитети: Жыл башынан бери ундун баасы 25,5 пайызга кымбаттады.
  • Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан бошоткон министрликтин 3 бөлүм башчысын Биринчи Май райондук соту кайра дайындалсын деп чечим чыгарды.
  • Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылдын 6 айында 24 пайызга өскөнү айтылды.
  • Орусияда өтүп жаткан "Танк биатлону-2022" мелдешинде Кыргыз командасы акыркы, 4-орунду ээледи.
  • Кыргызстан менен Азербайжан кызматташуунун 5 жылдык программасын даярдай турганы айтылды.
  • Ала-Арча жаратылыш паркына жакын тоодон кулап түшүп изделип жаткан орусиялык альпинисттин сөөгү табылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо