ПРЕЗИДЕНТ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЧАКЫРДЫ

№1028 19-25-август, 2022-ж.

Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Элдик курултай 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтөт.

Курултай боюнча президент социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.

– Элдик курултай жөнүндө мыйзам ушул жылдын башында жазылып бүтүп, 2 ай бою жалпы элдик талкууга коюлуп, андан кийин Жогорку Кеңешке киргизилген. Тилекке каршы, кабыл алынбай калды. Ошондуктан мыйзам кабыл алынганга чейин быйылкы Курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм. Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат беребиз.

Курултайдын сунуштарын угабыз. Курултайга кимдер делегат болуп шайланып келе алышат деген суроо туулат.

Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөт. Уюштуруу иштерин, делегат шайлоону жергиликтүү кеңештин депутаттары уюштурушат. Жергиликтүү элди чогултат. Ошол чогулушта эл өздөрү делегат шайлап беришет. Шайланган делегат Бишкекке Курултайга келет.

Ошондуктан эл-журт делегат шайлоого активдүү катышып бериңиздер. Айыл өкмөт, аким, президенттин өкүлдөрү делегат тандоо иштерине катышпайт. Тыюу салынат. Алардын катышпоосуна буйрук берилди.

Мындан ары кандай гана Курултай болбосун, мурдагыдай "дежур курултай" болбойт. Эл шайлаган делегаттар, келгиле. Ачык айтып, ак сүйлөп, сунушуңарды бергиле - деди президент.

Элдик курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Анын төрагасы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Комитеттин курамында “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамды иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрү, 7 облустун жетекчилери жана башкалар бар. Жарандык коом курултай жөнүндө мыйзам кабыл алына электе президенттин жарлык менен курултай чакырганын сынга алды. Муну менен президент мыйзамдуу шайланган Жогорку Кеңештин башын аттап өттү деген пикир басымдуулук кылууда.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо