№1028 19-25-август, 2022-ж.
Эскерте кетсек, 15-августта Фейсбуктагы ”Полит Узник” баракчасына жарыяланган видео (ред.: экс-чиновник Абдил Сегизбаевдин "Жетим-Тоо" тууралуу айткандары) боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМ билдирген. Аталган баракчанын администратору Ырыс Жекшеналиев суракка чакырылып, 48 саатка убактылуу камалган эле.
– Аталган видео 2 жыл мурдагы шайлоолорго байланыштуу экендиги аныкталды. “Полит Узникте” жарыяланган эски видео “Жетим-Тоо” кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоого багытталгандыгы байкалат,- деп билдирди ИИМ.
Аталган кылмыш иши боюнча Абдил Сегизбаев да суракка чакырылган. 17-августта анын адвокаты Кайсын Абакиров сөз болуп жаткан видео монтаждалганын жана мааниси бурмаланып калганын айтып чыкты.
Көпчүлүк Ырыс Жекшеналиевдин камалышын сындап, “эскертүү берүү жетиштүү болмок” деп жатат.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |