ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ: БӨЛҮШТҮРҮҮЧҮ КОМПАНИЯЛАР БИРИКТИРИЛДИ

№1028 19-25-август, 2022-ж.

Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар ”Кыргызстан улуттук электр тармагы” мекемеси менен бириктирилди. Маалыматты 16-августта Улуттук энергетикалык холдинг билдирди. Бул бириктирүүдөн өлкө 1 миллиард сом үнөмдөйт дейт мекеме.

– Бул процесс энергетикалык ишканаларда өндүрүштү жана башкарууну автоматташтырууга, чыгымдарды азайтууга, бири-биринин функцияларын кайталаган кызматтарды жоюуга багытталган. Үнөмдөлгөн каражат жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумшалат,- деп айтылат маалыматта.

Абоненттерди эми бир мекеме тейлейт, ал – ”Кыргызстан улуттук электр тармагы” мекемеси. Бул ишкананын 7 облуста түзүмдүк бөлүмдөрү болот: “Чүй электр тармактары”, “Ош электр тармактары”, “Баткен электр тармактары”, “Талас электр тармактары”, “Жалал-Абад электр тармактары”, “Ысык-Көл электр тармактары” жана “Нарын электр тармактары”. Мекеме ушул ишканалар аркылуу иш жүргүзөт. Мындан тышкары, “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы “Электр станциялары” ишканасы менен бириктирилди. Ушуну менен Улуттук энергетикалык холдинг энергетика тармагын башкаруу системин өзгөртүү ишин аяктады.

Айта кетсек, энергетика тармагындагы башкаруу системин өзгөртүү чечими 2021-жылы күзүндө кабыл алынган.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо