ЧАЧЫҢЫЗ БИР КҮНДӨ ЭЛЕ МАЙЛАНЫШЫП КАЛСА...

№1028 19-25-август, 2022-ж.

Эң көп тараган катачылык – башты ысык суу менен жуу. Ысык суу териде май бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Андыктан жылуу суу менен жууганга өтүңүз.

Колуңуз менен чачыңызды кармалап, сылап-сыйпай бергенди токтотуңуз.

Кургак шампунь менен “дос” болуңуз. Кечинде жууп жатсаңыз, эртең менен турганда кайра майланышып калган чач болсо, анда кечинде жуугандан кийин кургак шампундан сээп туруп жатып алыңыз. Эртең менен таза чач менен ойгоносуз. Негизи эле кургак шампунь убакыт тартышта мыкты жардамчы болуп берет.

Чачыңыз сапаттуу болсун десеңиз, тамак-аш рационуңузду өзгөртүңүз. Майлуу, куурулган тамактарды, таттууларды, ак ундан жасалган нан, консерваланган азыктарды азыраак жегенге аракет кылыңыз.

Тарагыңызды бат-баттан жууп туруңуз. Жатар алдында чачыңызды жакшылап тарап, баш терисинин кан айлануусун жакшыртып туруп анан жатыңыз.

Суу чачты сүлгүгө ороп коюп жүрө берүү болбойт. Андан көрө пахта кагазына чачтагы ашыкча сууну сиңиртип алсаңыз жакшы.

Чачка ылайыкталган кондиционер, бальзам дегендерди чачтын түбүнө сүйкөбөңүз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо