-

Министрлер кабинети Кара-Балта спирт заводун модернизациялоо тапшырмасын берди.
-
ӨКМ: Кыргызстанда жер көчкү жүрүү коркунучу жогору 44 тилке бар.
-
31-август – Эгемендик күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту 10 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөйт.
-
“Үмүт жана Ко” компаниясынын жетекчиси Журат Абдуллаев 2 айга камакка алынганы кабарланды.
-
Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.
-
Ош шаарына Өзбекстандан 50 автобус сатып алынат, келишимге 22-август кол коюлганы кабарланды.
-
Бишкекте талапка жооп бербеген 10 кабаттуу турак жай пайдаланууга берилип кеткен, бул боюнча кылмыш иши козголду.
-
21-22-августта Ысык-Көлдө рейд жүрүп, көл астына мыйзамсыз жайылган 82 тор чыгарылды.
-
Канатбек Азиз Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды.
-
Облустук телерадиокомпаниялар УТРКнын карамагына өткөрүлдү.
-
Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда август айынын 3 аптасында дизель майынын баасы 5,2 сомго кымбаттады.
-
Өлкөдө мектеп окуучулары 31-октябрдан 6-ноябрга чейин күзгү каникулга чыгышат.
-
Бишкекте 25-августта бир топ адам митингге чыгып, Алымкадыр Бейшеналиевди кайрадан министр кылып дайындоону талап кылышты.
-
Бишкекте мектеп директорлорун тандоо сынагы 30-августта өтөрү айтылды.
-
Саламаттыкты сактоо министрлиги 168 миллион сомго “Тез жардам” унаасын сатып алууга тендер жарыялады.
-
Жалал-Абад облусунда атайын рейдде 23 тоннадан ашык кара куурай жок кылынганы маалымдалды.
-
Расмий маалымат боюнча учурда Орусияда 1 миллион 55 миң Кыргыз жараны иштейт.
-
Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл аймагындагы тилкесинде жол кырсыгы катталып, 16 жаштагы 3 бала каза тапты.