ПРЕЗИДЕНТ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ДАРЫГЕРЛЕРГЕ КАЧАН ҮЙ КУРУЛАРЫН АЙТТЫ

№1029 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.

24-августта президент Садыр Жапаров Бишкекте УКМК кызматкерлерине үй тапшыруу иш-чарасына катышты. Анда өлкө жетекчиси мугалим жана дарыгерлерге да үй куруу чакырыктары айтылып жатканынан кабардар экенин белгиледи.

– Коомчулукта “эмне үчүн ушул чекисттерге эле үй бере берет? Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр айтылып жүрөт. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип жатабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек,- деди Жапаров.

Мамлекет мугалимдерди жана дарыгерлерди жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого көңүл бурарын, жакшыртылган ипотекалык программа 1 жылдан бери иштеп жатканын белгилеп өттү.

Айта кетсек, 24-августта УКМК кызматкерлерине 306 батир тапшырылды. Көп кабаттуу үй 1 жарым жылдын ичинде курулган. Буга мамлекеттик казынадан 522 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо