САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ АЛМАШТЫ

№1029 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.

Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аны кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 23-августта кол койгон. Эми саламаттыкты сактоо министри кызматына дайындоо үчүн Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

58 жаштагы Гүлнара Баатырова Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү. 2016-2021-жылдары БШКда иштеген. Жогорку билимдүү, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.

Өткөн жумада президенттин буйругу менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган. Ага ачылган кылмыш иши кылмыштын курамы жок деген жүйө менен токтотулду. Мындан кийин Алымкадыр Бейшеналиев министр кызматына кайтып баруу ниетин билдирген. Бирок көп өтпөй ал Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунун жетекчиси болуп дайындалганы белгилүү болду.

Бул арада Алымкадыр Бейшеналиев министр кезинде кызматтан бошоткон өзүнүн 3 орун басарын сот кайра кызматына орноштуруу жана компенсация төлөп берүү чечимин чыгарды.

Бейшеналиев кылмышка шектелип кармалгандан бери саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков иштеп жаткан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо