ТАШИЕВ, ЖУМАГУЛОВ, ШЕРИМКУЛОВГО “КЫРГЫЗСТАНДЫН БААТЫРЫ” НААМЫ БЕРИЛДИ

№1030 2-8-сентябрь, 2022-ж.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 1-сентябрда президенттик администрациядан билдиришти.

– Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн ”Ак шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен ”Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды,- деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле наам белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов жана Арстанбек Дүйшеевге ыйгарылды. Айта кетсек, Апас Жумагулов Кыргыз өкмөтүн эң узак мөөнөткө жетектеп турган инсан катары да белгилүү, ал 1993-98-жылдары Кыргызстандын премьер-министри кызматын аркалаган. Ал эми Медеткан Шеримкулов легендарлуу парламенттин спикери катары жалпыга таанымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо