ПАРЛАМЕНТ ТАРАТЫЛАБЫ?

№1031 9-15-сентябрь, 2022-ж.

Парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаров эл 1 жылга жетпей Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын таратуу маселесин көтөрө баштаганын айтып чыкты. Мунун себебин депутат “парламент өз функциясын Конституцияга ылайык аткарбай жатканы” менен түшүндүрдү.

– Мына, 9 ай болду регламентибиз жок, бул кандай Жогорку Кеңеш? Ушул да Жогорку Кеңештин кебетесиби? 9 ай бою өзүнүн ички эрежесин эптей албаган Жогорку Кеңештин өлкөгө, элге пайдасы тиеби? Конституция боюнча башка ыкма менен иштешибиз керек, ал эми регламентибиз эски Конституция боюнча турат. Ашмалтайдын баары Жогорку Кеңештин өзүнөн башталып жатат, тартипти, регламентти бузуп мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Баарыбыз шайлоочулар менен жолугушуп келдик, жарым жыл иштегенибизге карабай Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы тарасын деген маселени коюп жатышат. Мен кош колдоп колдойм, минтип иштегенге болбойт,- деди Мадумаров.

“Бүтүн Кыргызстандын” лидеринин сөзү адаттагыдай депутаттардын намысына тийди. Депутат Нурлан Шакиев “парламент эрксиз эмес, Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тарттырбай сактап калды эле го” деп мисал келтирди. Депутат Акылбек Түмөнбаев Мадумаровду “эки жүздүү” деп айыптады. Ошол эле учурда анын “парламент тарасын” дегенине каршы эмес экенин, мандатын тапшырып кайра шайлоого барууга даяр экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров быйыл июнь айында парламентте кабыл алынган Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга кол койбой артка кайтарды. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тараткан билдирүүгө таянсак, экспертизада Жогорку Кеңештин жаңы регламентинде Конституцияга жана мыйзамдарга карама-каршылыктар бар экени аныкталды. Алардын бири – Жогорку Кеңеш жылына бир жолу Жогорку Соттун отчётун угат деген норма. Президенттин пикири боюнча бул норма сот органдарынын көз карандысыздыгына терс таасирин тийгизет жана Баш мыйзамга каршы келет.

Эми парламентте макулдашуу тобу түзүлүп, аталган мыйзамдагы президент белгилеген кемчиликтер оңдолууга тийиш. Айрым депутаттар президенттин каршы пикири Жогорку Кеңештин таасирин азайтууну көздөйт деген жоромол айтышууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо