БАТКЕН: ЧЕК АРАДА ЖАҢЖАЛ ТУТАНДЫ

№1032 16-22-сентябрь, 2022-ж.

Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында 14-сентябрда жаңжал чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, чырга Тажикстандын ортодогу келишимди бузуп, тактала элек тилкеге аскер жайгаштырганы себеп болду. Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү талабына коңшу өлкөнүн чек арачылары ок атуу менен жооп кайтарганы айтылат маалыматта.

– Атышуу башталып, кыргыз чек арачылары да курал колдонушту. Тажик тарап миномётторду колдонду,- деп таратылды алгачкы расмий маалымат.

Миномёт менен аткылоодон 2 Кыргыз чек арачысы жаракат алганы белгилүү болду. Врачтардын айтымында, алардын абалы канааттандырарлык. Бул күнү Тажик чек арачылары Баткен районунун башка айылдарында да ок чыгарып жатышты. Тагыраагы, Как-Таш, Паскы-Арык тилкелеринде ок атышуулар орун алды. Жергиликтүү 3 тургун да октон жаракат алганы айтылды. Чек ара кызматы “Тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдардын карапайым калкка, инфраструктуралык жайларга ок атканы тынчсыздануу жаратат” деп маалымдады.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажик тарап бул жаңжалга атайын даярданганын, бир убакта 5 жерден кол салганын билдирип, "ушундай кадамдарды дагы улантышса, биз сөзсүз түрдө адекваттуу чара көрөбүз" деди.

15-сентябрга карата Баткенде абал турукташты, бирок чыңалуу бар деп айтылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо