“КУМТӨРДҮ” 2 ЖЫЛ ЖЕТЕКТЕГЕН ТЕҢГИЗ БӨЛТҮРҮК КАРМАЛДЫ

№1032 16-22-сентябрь, 2022-ж.

"Кумтөрдүн” тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, камакка алынды. Башкы прокуратуранын билдиришинче, ал коррупцияга шектелүүдө. Андан тышкары “Кумтөрдүн” жабдуу боюнча адиси, каржы башкармалыгынын директору да кармалды. Кармалгандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алдын ала эсептөө боюнча, “Кумтөрдөгү” коррупциялык схеманын айынан мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталганы айтылды. “Кумтөр” боюнча Башкы прокуратура 3 кылмыш ишин козгоду.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бөлтүрүктүн кармалышы боюнча ЖМКларга комментарий берип, соттун чечимин күтүү керектигин айтты.

– “Кумтөр” өз жумушун так аткарып жатат, 1 грамм дагы алтын сыртка чыгарылып кеткен жок,- дейт Жапаров. 14-сентябрда парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов “1 миллиард сом деген чекеси эле, булардан мындан да көп былыктар чыкканы калды” деп билдирди.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары “Кумтөрдүн” иши боюнча Теңгиз Бөлтүрүктүн отчётун угууну талап кылып жатышкан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо