ӨМҮРҮҢҮЗ УЗУН БОЛСУН!

№1032 16-22-сентябрь, 2022-ж.

“Өмүрүң узун болсун десең тамеки тартпа, ичимдик ичпе, фаст-фуд жебе, спорт менен машык” деген кеңештерди баарыбыз эле билебиз. Ушул кеңештердин тизмесине дагы бир нече пункт кошуп койсок ашыкча болбостур.

Ысык тамак-аштан кач. Кээ бир адамдар күнүгө ыс-сык чай ичпесе башы ооруйт, тамакты да жаңы бышкан ысык кезинде “кел ай, тамак муздап калат” деп шаштырып ичмей баарыбыздын үйдөгү адат болсо керек. Ысык тамактар айрым бактерияларды өлтүрөт, бирок ошол эле учурда пайдалуу заттарды да жок кылат. Адамдын ички органдары назик келгендиктен, жогорку температурадагы тамак-аш терс таасир тийгизет. Өзгөчө уйку безинин иштешине, боорго күч келтирет.

Сууну өлчөмү менен ичиңиз. Дени сак жашоо үчүн күнүнө жок дегенде 2-2,5 литр суу ичүү керек делинет. Бирок сууну да өлчөмү менен ичүү керек. 1 килограмм салмакка 30 миллиграмм суу ичесиз. Мисалы, 70 килограмм салмактагы адам болсоңуз күнүнө 2 литр суу, 80 килограммдан ашсаңыз 2,5 литр суу ичсеңиз болот. Эгер өлчөмүнөн көп ичсеңиз суу керексиз шлактар менен кошо организмдеги пайдалуу заттарды да жууп кетет. Дагы бир эске алчу жагдай, сууну бир гана жолу кайнатуу керек! Чайнектеги бир кайнагандан калган сууну төгүп салбай, үстү-үстүнө суу куюп кайната берген сайын анда зыяндуу заттар көбөйүп, организмге терс таасирин гана тийгизет. Эгер колдон келсе сууну такыр эле кайнатпай, мыкты сапаттагы фильтр коюп, таза суу ичкен туура. “Аккан сууда арам жок” деп арыктан, кудуктан түз эле иче берген туура эмес. Анткени анда көзгө көрүнбөгөн жүздөгөн курттар, бактериялар бар.

Газ плита колдонбо. Ооба, ыңгайлуу, керектүү. Бирок газ колдонгондо толугу менен күйүп кетпейт. Калдыктары түтүн аркылуу көө түрүндө абага тарайт. Көө түз эле өпкөгө кирет да, өпкө оорулары жаралат. Андыктан газ плитаңызды электр плитасына алмаштырып алыңыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо