-

ИИМ: Баткендеги окуяга байланыштуу акча которууда шылуундардын тузагына түшүп калбагыла.
-
Ош шаарында таштанды төгүүчү жаңы полигон курулары маалымдалды.
-
Равшан Сабиров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду.
-
Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова кызматынан бошотулуп, ордуна Актилек Мусаева дайындалды.
-
Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов кызматтан кетти.
-
Сузакта 16 жаштагы кызга үйлөнгөн милиция кызматкерине жана аларга нике кыйган имамга кылмыш иши козголду.
-
Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
-
Баткен окуясында жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 28-сентябрга карата 287 миллион 162 миң 730 сом чогулганы айтылды.
-
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 28-сентябрга карата 13 миллиард 596 миллион метр кубга жетти.
-
Бишкекте ишкерди коркутуп, андан 50 миң доллар талап кылган 2 жаран кармалганы маалымдалды.
-
Адам сатуу кылмышына шектелип Чүйдүн 31 жаштагы тургуну кармалды.
-
Ахматбек Келдибеков буга чейин козголгон кылмыш иштери боюнча толук акталды.
-
1-октябрдан тарта Үрүмчү-Бишкек багыты боюнча кошумча авиакаттам ачылмакчы.
-
Учурда Кыргыз жеринде документи жок 10 миңге жакын этникалык кыргыз бар экени расмий маалымдалды.
-
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шектелип кармалды.
-
Акылбек Түмөнбаев, депутат: "Акылбек Жапаров отставкага кетиши керек".
-
Депутат Тазабек Икрамов Баткенди Манас облусу деп өзгөртүүнү сунуштап чыкты.
-
Кыргызстанда 2022-жылдын 8 айында 1 миллион 181 миң тонна сүт азыгы өндүрүлгөнү айтылды.
-
2023-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджетин 500 миллиард сомго жеткирүү пландалууда.