КӨЗГӨ КӨНҮГҮҮ ЖАСАЙБЫЗ

№1034 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.

Күн сайын телефондон, компьютерден толгон токой маалыматтарды окуйбуз, оюн ойнойбуз, ар кимдин социалдык тармактагы баракчасын аңтарабыз. Мунун айынан көзгө ашыкча күч келип, көп көйгөйлөр келип чыгат, ошондуктан көзүбүздө ыңгайсыздыкты, кургоону, чарчоону сезебиз. Бул майда нерсе бара-бара көрүүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн. Андыктан мунун алдын алуу үчүн көзгө көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.

Көнүгүүлөрдү эртең менен же кечинде уктаар алдында, көз айнекти же линзаларды чечкенден кийин жасоо сунушталат. Кыймылдар жай болушу керек, көнүгүүлөрдүн ортосунда көздү ирмеп туруу да пайдалуу.

1. Отуруп жасалат. Көздү 3-5 секунд бекем жүлжүйтүп, кайра 3-5 секунд чоң ачуу керек, муну 6-8 жолу кайталайсыз. Бул көнүгүү көздүн тегеретесиндеги булчуңдарды бекемдейт, эс алдырат. Кан айланууну жакшыртат.

2. Туруп жасалат. 2-3 секундга алдыны түз караңыз. Оң колдун сөөмөйүн маңдайга көздөн 25-30 сантиметр аралыкта сунуп, манжанын учун 3-5 секунд карап туруңуз. Анан колду түшүрөсүз. Муну 10-12 жолу кайталаңыз. Көнүгүү көздүн чарчоосун басат.

3. Отуруп жасалат. 1-2 мүнөт бою бат-баттан көздү ирмегилөө. Кан айланууну жакшыртат.

4.Туруп жасалат. Колду алдыга сунуп, маңдайда түздөлгөн сөөмөйүңүздүн учун карап, акырындык менен жакындатыңыз, манжаңыз экиден көрүнө баштаганга чейин жакындатасыз, 6-8 жолу кайталанат. Жакын аралыкта иштөөнү жеңилдетет.

5. Туруп жасалат. Оң колдун манжасын маңдайга туштап көздөн 25-30 сантиметр аралыкта сунуп, эки көзүңүз менен манжанын учун 3-5 секунд карайсыз. Анан сол колдун алаканы менен көздү 3-5 секунд жаап турасыз. Алаканыңызды алып, эки көзүңүз менен манжаңыздын учун 3-5 секунд карайсыз. Эми колду алмаштырасыз. Сол колдун манжасын ортого туштап көздөн 25-30 сантиметр аралыкта сунуп, оң көздү оң колдун алаканы менен 3-5 секундга жаап турасыз. Алаканыңызды алып, эки көзүңүз менен манжанын учун 3-5 секунд карайсыз. Муну 5-6 жолу кайталаңыз. Көнүгүү эки көздүн булчуңдарын чыңдайт.

6. Туруп жасалат. Колду оң тарапка сунуп, жарым ийилген колдун манжасын оңдон солго акырын жылдырыңыз жана башыңызды кыймылдатпай туруп манжаңызды көзүңүз менен ээрчиңиз. Кайра манжаңызды солдон оңго акырын кыймылдатып, башыңызды кыймылдатпай, көзүңүз менен манжаны ээрчиңиз. Бул көнүгүүнү 10-15 жолу кайталайсыз. Бул ыкма көздүн горизонталдык булчуңдарын бекемдеп, алардын координациясын жакшыртат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо