КРнын вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов: «ЭМИ САЯСАТТЫН САХНАСЫНДА БОЛОМ»

№426 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.

Жаңы өкмөт түзүлгөндөн бери “ырчы качан эл башкарчу эле?” деген күбүр-шыбыр сөздөрдү угуп калып жатабыз. Бул Ибрагим Жунусовдун вице-премьер-министрликке шайланып келгенинен улам айтылып жаткан кеп. Андыктан микрофонду Ибрагим мырзага сундук.

– Саламатсызбы? Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен!
– Рахмат! Бирге болсун!
– Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына кандай баа берет элеңиз?
– Бааны мен бербешим керек. Убакыт өтүп, биз иштегенден кийин эл бериши керек. Бул – коалициялык өкмөт, иштейли, анан убакыт баарына баа берет.
– “Өкмөттө Курманбек Бакиев эле жок, калганы бүт мурдагылар келип алышты. Ырчы качан эл башкарчу эле?” деп жатышат...
– Ар кандай сөз айтылып жатат. Эл оозунда элек жок да. Жогорку Кеңешти эл шайлады. Анан алар өкмөттү түздү. Эч кимибизди талаадан алып келип койгон жок. Биз эми кылган ишибиз менен гана кандай экенибизди далилдесек керек. Азыркы өкмөт үчүн элдин талабы, кызыкчылыгы биринчи орунда. Мен болсо маданият, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана миграция тармагына жооп берем. Бул иштер жаатында тажрыйбам бар. 25 жыл мугалим болуп иштегем.
– Вице-премьер катары сиздин биринчи көтөрчү маселеңиз?
– Биринчи көтөрчү маселем – мугалимдердин көйгөйүн чечүү. Бул тууралуу бүгүн эле көрсөтмө бердим. Премьер-министр каражат булактарын караштырып жатат. Буюрса, жакынкы арада чечилип калат деп ойлойм.
Анан да Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузуу маселеси боюнча Маданият министрлигине тапшырма бердим. Шаардын так ортосунан орун бөлүнгөнү жатат.
– Сөзүңүздөн улам бир нерсе оюма келе түштү. Улуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги качан тургузулат?
– Ооба, туура айтасыз, бул маселе көптөн бери чечилбей келе жатат. ЖКнын мурунку чакырылышында эле бул тууралуу сөз болгон. Каражат бюджеттен бөлүнбөсө да, кыргыздын эр азаматтарына кайрылып, эстелигин тургузууга аракет кылабыз.
– “Ата Журт” партиясынан вице-премьер-министрликке сизден башка талапкерлер бар беле?
– Менин угушум боюнча, Жылдыз Жолдошева, Нарынбек Молдобаев көрсөтүлгөн.
– Өзүңүздү кайгылуу апрель окуялары үчүн күнөөлүүлөрдүн катарына кошпойсузбу?
– Ал күндөрү түнү менен Маданият министрлигин кайтарып отургам. Кароолчу экөөбүз эле калганбыз. Ал эми апрель окуяларына менин түздөн-түз тиешем жок деп эсептейм. Кылган ишим менен элдин адамы экенимди далилдейм. Анан дагы люстрация жөнүндө “мурдагы бийликтегилер иштешпесин” деп айтып жатышат. Мен айтат элем, ким болбосун күнөөсү так далилденсе, алып барып камап салыш керек.
– “Үчүнчү ыңкылап болот” деген сөздөр бар...
– Кудай сактасын. Үчүнчү ыңкылапты Кыргызстан көтөрө албайт. Азыр биринчи кезекте стабилдүүлүктү бекем орнотушубуз керек. Өлкөбүзгө жамандык каалагандар гана ошондой кептерди чыгарып жатышса керек.
– Мурда биздин гезитке “айлыгымдан башка байлыгым жок, менде кайдагы жылкы?” дегениңиз эсимде. Азыр деле жылкыңыз жокпу?
– Кыргызды жылкыдан бөлүп кароо кыйын. Бирок чынында эле жылкым да, жылкыны бага турган адамым да жок. Айлыкка гана жашайм. Андан башка киреше алып келүүчү булактарым жок.
– “Ата Журт” партиясында мамлекеттик башкарууну өзгөртүү максаты жокпу?
– Эми парламенттик башкаруу ишке ашты. Аны да көрөлүк, мүмкүн, туура жолдур. Эгер жакшы жыйынтык болбосо, муну партиянын саясий жыйыны карап көрөт.
– Мындан ары жаңы өкмөт мүчөлөрү журналисттерден качпайбы? Же бийликке келип алгандан кийин мурдагыдай эле артынан чуркатмай башталабы?
– Албетте, баары үчүн жооп бере албайм. Туура эмес иш кылып, ката кетирсе, журналисттерден ар бир эле жетекчи качат. Мен өкмөттүн ар бир мүчөсүн сиздер менен жакын болууга үндөйм. Анткени сиздер аркылуу биздин иш элге жетет.
– Ошондо сахнага такыр чыкпай каласызбы?
– Ырчылыкта өз жолумду басып өттүм. Жаш муундарга жол бериш керек. Саясатта жашмын да. Эми саясаттын гана сахнасында болом го. Бирок элим, күйөрмандарым суранып жатса, эмнеге чыкпайм? Мүмкүн, 50 жылдыгымда отчёттук концерт берем.
– Саясатта жашмын дедиңиз. Андыктан саясий карьераңыз алдыда. Демек, президент, премьер-министр боло турган максатыңыз бар?..
– Жок, андай максатым жок. Бир гана максатым – кыргыз элине кызмат кылуу.
– Жаңы жыл алдында кыргыз элине каалоо-тилегиңиз...
– Негизи, өтүп бараткан Жолборс жылы биз үчүн өтө оор жыл болду. Жолборс азуусун көрсөттү. Андан айырмаланып, Коён тынчтыкты, назиктикти сүйгөн жаныбар. Жаңы жылыбыз коёндун мүнөзүндөй жыл болсун. Элибизде токчулук, тынччылык болсун!
– Айтканыңыз келсин. Сиздин да ишиңизге ийгилик.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
30.12.2010. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу инсан ИСХАК РАЗЗАКОВдун эстелигин тургузгула. Ал киши жонундо айтпай эле журосунор. Каяктагы иштерди (актерлорду) жасап журосунор. Керек болсо 10000 сомдукка Ушул инсан Исхак Раззаковдун суротун ккоюуу керек.
30.12.2010. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башында баарыле ушинтип ишендирип суйлошот анан эле башкача болуп кетет.
Кудайдан бир аз коркуп иштегиле элди да ойлоп.
31.12.2010. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes ushul yrchy maga abdan jagat to est politik.jumushun ayabai baalaim alga ibragim junusov alga
:)koz tiybesin tfu tfu
31.12.2010. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман фартовый киши экен!
31.12.2010. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ibragim Junusov biz Siz menenbiz. koroalbagandar suyloiveret. konul burbanyz...
31.12.2010. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3-чу ынкылап деген Текебаевдердıн эле коро албастан чыгарып жаткан создору.Супер-инфо силер текебаевдин жеке менчик гезити болуп калдынар.Медиа=бейтарап болуш керек.
31.12.2010. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эламанды эле ырдап журо берсен болмок !!!
ырчы ырчыдай, политик политиктей болушу керек4 да
31.12.2010. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде баары эле универсал бут билет !!!
андай болбошу керек, арн бир адамдын бир ишке шыгы болот ошону майын чыгшара жазаш керек !!!
31.12.2010. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ибргим текебаевдин айтканын кылып хопдеп журо берсе еч ким унчукпайт болушкерек
31.12.2010. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyngyz Aytmatov menen Chokmorovdun esteligin turguzush kerek. Kiyinki jashtarybyz da bilishi kerek bul uluu insandardyn Kyrgyzstanga kylgan ishterin, kyrgyzdy aalamga taanytkan kyrgyz adamdary ekenin.
01.01.2011. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы качан министр болчу эле деген соз ал элдин созу эмес ал Супер Инфонун созу элди кошпой суроо узатыныздар.
01.01.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмотко Ата Мекен келсе алар кайдан келмек эле?АТА МЕКЕН асмандан же Акаевдан келмек беле.
01.01.2011. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iwterinizge iygilik kaalaim!
02.01.2011. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Ибрагим агай!!!Биз дайым сиз мененбиз!!!
02.01.2011. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ибрагим акам озу билет иштин козун, мына коросунор 1 жылдан кийин кыргызстан кандай онугоорун.
03.01.2011. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз азыркы окмот менен тушубуздо ганан кыргызстандын онолгонун коробуз
04.01.2011. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чычкан сойсо да касапчы сойсун дегендей ырынызды ырдап эле журсонуз болмрк. Сизге ким койду эл башкарганды
04.01.2011. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amanu Кайрат силер чычалабагыла ок жакында коросунор
05.01.2011. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу адам негизи бир искусство тармагына эле кирсе болмок алына жараша Алымбай болуп ...жон эле бир жаш(патриот!)кадрдын оордун ээлебей...
25.01.2011. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zdorova prem min!!! ty lu4we spoy mne balam balam jan balam... kak ty mojew' rabotat' prem min-m esli ty pevec? sam podumay...? etot post te ne arena 4toby tarantit' balam balam jan bal... ya ne prowu tya dumat' kak politiki... dumay kak pevec..
29.01.2011. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха-ха-ха-ха Учунчу ынкылап болот имиш деп суроо берсе, кудай сактасын дейт, конечно Ибрагим эми зорго конкретный креслого олтурса анан тушуп калат да ошон учун коркот, калп эле эл которо албайт деп элге тонкоп,озу коркот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо