БИР БҮРКҮМ. ОШ ШААРЫНА 3022 ЖЫЛ...

№1035 7-13-октябрь, 2022-ж.

  • Орусиянын Бишкектеги элчилиги: Орусиядагы Кыргыз мигранттары аскерге чакырылып жатат деген маалымат жалган.
  • Мамлекеттик салык кызматы үйүн ижарага бергендерди мыйзамга ылайык мамлекетке салык төлөөгө чакырды.
  • 3-октябрдан тарта Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча жаңы авиакаттамдар ачылганы айтылды.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин имаратын оңдоого бюджеттен 65 миллион сом каралганы маалымдалды.
  • Ат-Башыда 6 тоо текени мыйзамсыз атып өлтүрүп, этин алып келе жаткан жаран кармалды.
  • Өлкөдө COVID-19га каршы 3 айлык эмдөө кампаниясы башталганын республикалык штаб билдирди.
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 3-октябрда ЖККУнун башкы катчысы Станислав Засты кабыл алып, аймактык коопсуздукту талкуулады.
  • Социалдык фонд: Учурда пенсиянын орточо көлөмү 8080 сомду түзөт.
  • Баткен облусун калыбына келтирүүгө мамлекеттен 3 миллиард сом бөлүнгөнү айтылды.
  • 5-октябрда Ош шаарына 3022 жыл толду.
  • Кыргызстанда 5-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алуу күндөрү деп бекитилди.
  • Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын башчысы пара алууга шектелип кармалды.
  • Айбек Айдаралиев “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Өлкөдө 2022-жылдын 9 айында 148 миллиард 125 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмү жыйналганы айтылды.
  • Жогорку Кеңеште "Мекенчил" депутаттык тобу түзүлдү.
  • "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды.
  • Каракол шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат деп маалымдалды.
  • Орусияда 27 Кыргыз жараны массалык ууланууга кабылды.
  • Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 миллион д оллар каражат бөлүшү ыктымал экени айтылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо