КЕМПИР-АБАДДЫН ТАГДЫРЫ КАНТИП ЧЕЧИЛДИ?

№1035 7-13-октябрь, 2022-ж.

4-октябрда Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегиндеги кырдаал боюнча жыйын өттү. Жыйынга президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, парламент депутаттары, тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, жыйын өткөн залга журналисттер киргизилген жок.

Президент Садыр Жапаров 6-октябрда социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады. Анда "Кемпир-Абад" боюнча эки өлкө үлүшү 50х50 пайыз болгон биргелешкен ишкана куруп, плотинаны чогуу башкарууну чечкенин айтты. Талаш жерлердин 99 пайызы бизге өттү дейт президент, кайсы жер кантип чечилгени келишим бекигенден кийин ачыкка чыгарыларын белгиледи.

Депутат Адахан Мадумаров “Кемпир-Абаддын” тагдырын эл гана чечерин белгиледи.

– Эгер азыркы бийлик кандай деп чечсе, эл ошого макулбуз деп отура берсе, анда отура берсин. Биз депутат катары эмне кыла алабыз? Максималдуу түрдө күрөшүп жатабыз. Депутаттар добуш бергенге чейин ойлонушу керек. Мен келишимге каршы добуш берем,- деди Мадумаров.

Айта кетсек, “Кемпир-Абад” курулганда Өзбекстан Кадамжайдын Бүргөндү аймагына 200 чакырым канал куруп берүүгө милдеттенме алып, бирок аны аткарган эмес. Азыркы тапта “Кемпир-Абаддын” плотинасынын бир бурчу Кыргыз жеринде жайгашкан, Өзбекстан буга чейин плотинага толук ээлик кылууну сурап жаткан.

Коомчулукта Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча соңку протоколду ачыкка чыгаруу талаптары айтылууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо