МИНИСТРЛЕР ДҮҢҮНӨН АЛМАШТЫ

№1035 7-13-октябрь, 2022-ж.

Президент Садыр Жапаров 3-октябрда 4 министрди кызматтан бошотту. Алар энергетика министри Доскул Бекмурзаев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Уланбек Мамбетакунов дайындалды. Ал эми Тилек Текебаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткарууга киришти. Президенттин башка жарлыктары менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп Алтынбек Максүтов, энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Ибраев дайындалды.

Гезит басууга кетерде министрдин милдетин аткарып жаткандарды кызматка бекитүү маселеси парламентте каралып жаткан. Аларды депутаттарга президенттин парламенттеги өкүлү тааныштырып, буга депутаттар сын айтышты.

– Булар эмне жетимби? Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келип тааныштырсын. Жоопкерчилигин алсын,- деди депутат Мирлан Самыйкожо. Айрым депутаттар парламент макулдук берсе да, бербесе да президент буларды кызматка дайындай аларын эскертип, мыйзамдын талаптарын айтышты. "Биз буларды шайлабайбыз, макулдук гана беребиз. Макулдук бербесек деле булар иштей беришет",- дешти айрым депутаттар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо