БИР БҮРКҮМ. ВИЦЕ-СПИКЕР КЫЗМАТЫН ТАПШЫРДЫ...

№1036 14-20-октябрь, 2022-ж.

  • Бишкекке 11-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев мамлекеттик сапары менен келип кетти.
  • Каржы министрлиги: “1 айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,58 миллион долларга азайды”.
  • Улан Примов парламенттин вице-спикери кызматынан кетти.
  • Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Бишкек ЖЭБи кышка 100 пайыз даяр” деп билдирди.
  • Бишкекте жасалма акчаларды сатууга аракет кылгандар кармалганын 13-октябрда УКМК билдирди.
  • Депутат Нуржигит Кадырбеков “өлкөдө ЖОЖдун окутуучуларынын 62 пайызы коррупцияга аралашкан” деп билдирди.
  • Мурадил Сыдыков парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы болуп шайланды.
  • Кыргызстан 2023-2025-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүк кылат.
  • Кыргыздын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов аталган өлкөдөгү мекендештерди сак болууга, коопсуз жерлерде болууга чакырды.
  • Өлкөдө 2022-жылы адам сатууга байланышкан 5 факт катталганы айтылды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: “Учурда мектептерге 900 мугалим жетишпейт”.
  • Токмокто милицияга суракка чакырылган 25 жаштагы жигит асынып алды.
  • Азамат Арнабек уулу Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.
  • Өлкөдө 9 айда жол кырсыгынан 79 бала каза тапканы маалымдалды.
  • Чаткал районунда шахтадагы газга ууланып 2 адам каза тапканы айтылды.
  • Калкты каттоо департаменти: "Жыл башынан бери 1631 орусиялык атуул Кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды".
  • Баткенде 55 уюлдук станциянын иши калыбына келтирилди.
  • Тажикстанда Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн тийиштүү комиссиялары 10-октябрдан бери сүйлөшүү жүргүзүүдө.
  • 13-октябрда Бишкекте троллейбус мектеп окуучусун сүзүп кетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо