БИШКЕК: ЖОЛ КИРЕ 32 СОМГО ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН

№1036 14-20-октябрь, 2022-ж.

Бишкекте коомдук унааларда жол кирени 15 сомдон 32 сомго чейин көтөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу ушул аптада мэрияга караштуу Транспорт башкармалыгы кабарлады. Жол киренин 3 түрү сунушталууда. Биринчиси – троллейбус жана автобустарда жүрүү 15 сом болот. Экинчиси – кичи автобустарда саат 06:00дөн 20:30га чейин 21 сом. Үчүнчүсү – саат 20:30дан 06:00гө чейин 32 сом кылуу пландалып жатат. Эгер тарифтер көтөрүлө турган болсо, коомдук унаалардын техникалык абалы жакшыртылат дейт башкармалык. Мындай убада жол кире 10 сомдон 15 сомго көтөрүлүп жатканда да айтылган. Бирок жүргүнчү ташыган автобустар менен кичи автобустардын абалы жакшырып кеткен жок. Орундугу жетишсиз, санитардык талапка жооп бербеген коомдук унаалардын саны көп.

Тарифтерди өзгөртүү азырынча шаардык кеңешке киргизиле элек. Коомчулукта буга жол берилбесин деген талаптар эмитен айтылууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо