№1037 21-27-октябрь, 2022-ж.
– Жаңы стандартта башталгыч мектептерде эффективдүү эмес бир сааттык предметтерден баш тарттык. Кыргыз, орус жана англис тилдерине ээлик кылуу боюнча деңгээлдик киришүүнү ишке киргиздик. Эми кадрлар жетиштүү болсо, мектептер бир нече тилде сабак өтө алышат. ЖОЖдордун алдында 2-3 тилди билген педагогдорду даярдоо милдети турат. Башталгыч мектептер үчүн белги койбой, шыктандыруучу баалоону киргизип жатабыз,- дейт Жусупбекова.
Мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча Жол картасы даярдалды. Алдыда 1-5-класстардын предметтик стандарттарын 12 жылдык билим берүүгө шайкеш даярдоо, окуу куралдарын жана башкаларды даярдоо иштери турганы айтылды.
Билим берүүнүн жаңы стандарттарына ылайык, окуу жайлардын академиялык эркиндиги 90 пайызды түзөрүн, 10 пайызы гана милдеттүү мамлекеттик компонент экени да айтылды. Мунун максаты – билим берүү системинин жумуш берүүчүлөрдүн талабына ийкемдүү жана тез реакция кылуусуна шарт түзүү деп маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |